Templates by BIGtheme NET

Ааламда

Президенттин кеткенин элдер кубануу менен кабыл алышты

Зимбабвенин прзиденти Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жол ачуу үчүн кызматынан дароо жана өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирди. Мугабенин кызматтан кетүүсүн борбор Хараренин тургундары кубануу менен кабыл алышты. “Мен, Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе Конституциянын 96-беренесине ылайык отставкамды жарылайм. Ал дароо күчүнө кирүүдө”. Мыйзам чыгаруучулар өлкөнү 37 жылдан бери башкарып келаткан 93 жаштагы Мугабеге импичмент жарылоону караштырып жатышкан. ...

Кененирээк »

50 жылдан кийин үйлөнүү тоюн өткөргөн “эки жаш” (Видео)

Казакстандын Павлодар облусунунда 75 жаштагы Алжанов Илгебай  менен 70 жаштагы Дамиля  Алжанованын балдары ата-энесинин үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп беришти.  Эки жаш 50 жылдан бери чогу жашашып, 10 балалуу болушкан. Балдарынын бирөөнүн айтымында тойго 150 конок келген. “Биз баарыбыз чогулуп ата-энебизге белек кылалы деп чечтик. Алар экөө 60-жылдары үйлөнүшкөн. Атам апамды ала качып кеткен. Алар аялы-күйөөсү экендигин далилдеген эч нерсе жок. ...

Кененирээк »

Казакстандын батышында окуучулар жапырт түрдө ууланышты

Батыш-Казакстан облусунун Аксай шаарында 6-класстын 22 окуучусу жапырт түрдө ууланып ооруканага түштү. Лабораториялык иликтөөлөр чыга электигине байланыштуу дарыгерлер уулануунун себептерин аташа элек. Батыш-Казакстан облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Канат Тосекбаев окуучулардын ичи ооруп, кусуп келишкенин билдирди. Балдар ууланууну мектептин ашканасындагы тамактануу менен байланыштырышууда. Саламаттыкты сактоо башкармалыгы бүгүн эртең менен 17 бала сакайып, ооруканадан чыкканын билдирди. Дагы бешөөнүн абалы “канааттандыраарлык” деп ...

Кененирээк »

Болливуд актрисасынын өмүрү коркунучта

Индияда радикалдардын бири «Падмавати» (Padmavati) деп аталган тасмасы үчүн Индия кино жылдызы Дипика Падукон менен болливуд режиссеру Санжай Лил Бхансалды майып кылып же өлтүргөн адамга 100 миллион рупий (130.000 евро) убадалады. Италиянын La Repubblica гезити индиялык ММКларга шилтеме кылып, коркутуулар жана нааразылыктардан улам Viacom18 Motion Pictures кинокомпаниясы тасманы экранга чыгарууну белгисиз мөөнөткө жылдырууга мажбур болгонун жазды. Фильмдин премьерасы 1-декабрга белгиленген ...

Кененирээк »

ИМ тобу Папаны опузалады

Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун жоочулары Рим папасы Францисктин өлүм жазасына тартылышы көрсөтүлгөн пропагандалык сүрөт жарыялашты. Newsweek басылмасы ал сүрөттү Telegram тиркемесинен тапкан – анда жүзүн ак чүпүрөк менен жашырган террорчу Рим папасынын алынган башынын жанында турганы чагылдырылган. Сүрөттүн жогорку бөлүгүндө «ар бир төгүлгөн кан» жана «ар бир бузулган үй» үчүн христиандардан өч алуу опузасы жазылган. ...

Кененирээк »

Муабени “Крокодилге” алмаштыруу

The New York Times гезити «Мугабе кеткенден кийин Зимбабведеги кийинки таң кандай болот», деген суроо койду. Мамлекетти 37 жыл башкарган 93 жаштагы диктатордон кийин бийликке анын мурдагы орун басары, азыркы атаандашы Эммерсон Мнангагва келиши ыктымал. Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, «Крокодил» каймана аты менен белгилүү саясатчы Мугабеден жумшак болот деген үмүттөнүүлөрдү жаратпайт деген гезит. The Guardian Зимбабведеги башкаруучу партия «туруксуздуктун булагы», ...

Кененирээк »

Меркелдин оор күндөрү

ZDF телеканалы Ангела Меркель Германия канцлери кызматынан кетпей турганын жазды. Коалиция жеңилип калса, отставкага кетүү мүмкүнбү деген телеканалдын суроосуна Меркель мамлекетти андан ары дагы башкарууга даяр экенин билдирген. «Мен шайлоо алдындагы программаларымда белгиленген убадаларымдан баш тартууга ниеттенген жокмун», деген ал. Эркин демократтар партиясы сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен соң, Германияда коалициялык өкмөттү түзүү боюнча макулдашуулар оңунан чыкпай калып, немис саясатында күтүлбөгө окуя ...

Кененирээк »

Россияда пенсионер лотереядан 506 миллион рубль утуп алды (ВИДЕО)

Россияда 63 жаштагы пенсионер Наталья Власова лотереядан 506 миллион рубль утуп алган. Бул тууралуу «Вести-Воронеж» телеканалы ютуб каналына видеосун жайгаштырды. Уткан акчанын  65 миллион рублин салык кызматы кармап калат. Калган акчасы өз колуна тиет. fakt.kg

Кененирээк »

Ташкентте дин ишеними үчүн кармоолор жанданды

Өзбекстандын борборунда жана Ташкент облусунун Заңги-Ата районунда акыркы үч күндө 20 жаштан 60 жашка чейинки 80 адам кармалган. Арасында аялдар да бар. Өзбекстандагы укук коргоочулардын көз карандысыз тобунун маалыматы боюнча аларга 17-ноябрда аялдар кайрылып, 14-ноябрдан тарта милиция кызматкерлери үйлөргө кирип, тинтүү иштерин жүргүзүп, адамдарды кармап кетишкенин айтышкан. Алардын маалыматы боюнча, кармалган адамдар тууралуу түзүлгөн протоколдордун көчүрмөсү берилген эмес. Кызматкерлердин баары ...

Кененирээк »

Сойкуларга барган эркектер жазаланат

Тажикстандын Башкы прокуратурасы интим кызматын көрсөткөн кыз-келиндерге барган эркектерди жазалоо сунушу менен чыкты. Административдик кодекске сунушталып жаткан бул өзгөртүү парламентте 2018-жылдын башында каралат.бул тууралуу Азаттык радиосу жазды. Тажикстандын Башкы прокуратурасынын башкармалык башчысы Фаррух Рауфов жаңы мыйзамда “түнкү көпөлөктөргө” караганда аларга барган эркектердин “жазасы катуураак” болорун эскертүүдө: – Эгер талап болсо, анда сунуш да болот эмеспи. Шапар тепкен эркектер канчалык аз ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful