Templates by BIGtheme NET

Ааламда

Москванын муфтийи: мусулмандар ыймандуулуктан жана принциптеринен ажырап жатышат

Москванын муфтийи Ильдар Aляутдинов “Озоди” радиосуна берген эксклюзивдүү маегинде Тажикстан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын радикалдуу топторго кошулушунун себептерин түшүндүрдү. Анын айтымында, постсоветтик өлкө жаштарынын Ирак менен Сириядагы согуштук иш-аракеттерге көбүрөөк тартылып кетип жаткандыгына диний сабатсыздык, ыймансыздык, турмуш шарттын начардыгы негизги жүйө болууда. “Кээде жаштар бизге кайрылып, кетүүгө ниеттенип жаткандыктарын айтышат. Себебин сурасак, өз алдынча чече албай турган психологиялык ...

Кененирээк »

Тоолуу Карабакта куралдуу жаңжал уланууда

Армениянын Коргоо министрлиги азери армиясы өткөн түнү Тоолук Карабакта реактивдүү “Смерч” системасын колдонгонун жарыялады. Армения күч түзүмдөрү кабарлагандай, азербайжан тарап ок атууларын күн сайын өөрчүтүп жатат. Тоолуу Карабактын калк жашаган аймактарында ок атуулар уланууда. Армения Коргоо министрлиги таркаткан билдирүүгө караганда, Азербайжан учкучсуз учуучу аппаратты жигердүү колдонууда. Алардын бири карбактыктар тарабынан атып түшүрүлдү. Бул арада Азербайжан Коргоо министрлигинин маалымат кызматы эки ...

Кененирээк »

Караганда облусунда суу ташкыны тосмону жарып кетти

Караганда облусунун Шет районунда суу тосмосу жарылды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча облустук департаменттин (ӨКД) маалымдашынча, Төмөнкү Нарбак суу сактагычындагы тосмо 4-апрелде түнкү саат 3тө суунун күчүнө туруштук бере албай, жарылып кеткен. Каза тапкандар жана жарадар болгондор жөнүндө азырынча маалымдала элек. ӨКД калктуу жерлерде суу алдында калуу коркунучу жок деп билдирүүдө. Унаалардын кыймылы убактылуу токтотулду. Суу тосмосунун жарылышынан улам Кызылордо-Павлодар трассасындагы (796-километринде) ...

Кененирээк »

Дүйшөмбүдө Кожо Халимдин бозгун жээни соттолду

Дүйшөмбү шаарынын соту коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын (Кожо Халимдин) жээнин 3,5 жылга эркинен ажыратты. Ал былтыркы жылдын сентябрь окуяларынан кийин Орусияда жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Дүйшөмбүнүн шаардык соту аны кылмыш туурасында кабарлабагандагы үчүн 3,5 жылга абакка кести. 28 жаштагы Алишер Назаров Орусиядан кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген. Анын атасы, Кожо Халимдин бир тууганы Абдурахим Назаров расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылдын ...

Кененирээк »

Сирияда согушкерлердин лидери жок кылынды

Сириянын Идлиб провинциясында “Фронт ан-Нусра” экстремисттик тобунун лидерлеринин бири Абу Фирастын өлтүрүлгөнү кабарланууда. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын байкоо уюму билдиргендей, “сириялык” деген каймана ат менен белгилүү болгон Фирас аталган топтун жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш милдетин аткарчу. Бомбалоо учурунда Фирастын баласы жана 20га чукул согушкер жок кылынган. Аларга соккуну Сириянын өкмөттүк күчтөрү же орусиялыктар урган болушу мүмкүн. Орусия менен ...

Кененирээк »

Коргоо министрлигиндеги өрт маанилүү архивди жок кылышы мүмкүн (Видео)

Орусиянын Коргоо министрлигинде 3-апрелде тутанган өрт мекеменин өтө маанилүү документтерин күлгө айланткан болушу ыктымал. Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, өрт чыккан имаратта мурунку министрлер учурундагы архив материалдар сакталчу. 3-апрель күнү имараттын үчүнчү кабатын өрт чалган. 40 адам өз алдынча чыгып кетип, жети киши болсо эвакуацияланган. Тилсиз жоону өчүрүүгө жүздөн ашуун адистер тартылган. Кырсыкка электр жабдыктарынын күйүп кетиши себеп болгону болжолдонууда. fakt.kg

Кененирээк »

Тажикстандын ушул убакка чейин аскерий учактары жок

Global Firepower изилдөөчүлөрүнүн маалыматы боюнчаТажикстандын куралдуу күчтөрүндө 8 миңден ашуун жоокер жана 37 танк бар. Бирок ушул убакка чейин тажик армиясында аскерий учактар жок экендиги белгиленген. Изилдөөнүн авторлору Тажикстандын армиясы мурункудай эле өтө начар абалда, аскерий техникасынын басымдуу бөлүгү СССР учурунда чыгарылган жана эчак эскирген деп эсептешет. Куралдуу кагылышуулар же ички жаңжалдар болуп кетсе, тажик куралдуу күчтөрү Жамааттык коопсуздук келишим ...

Кененирээк »

Өзбекстанда баркталбаган ырчы Түркия жарандыгын алды

Белгилүү өзбек ырчысы жана композитор Абдулазиз Карим Түркия жарандыгын алды. Жарандык берилгендиги тууралуу катты 29-мартта премьер-министр Ахмед Давутоглу өзү жолдоду. Катта жазылгандай, 41 жаштагы ырчы жана композиторго жарандык “жалпы талаптардан тышкары” берилген. Түркиянын мыйзамдарына ылайык, чет жердик адам жарандык алуу үчүн бул өлкөдө 5 жылдан кем эмес убакыт жашаш керек. Бирок Абдулазиз Каримге документ 10 айдын ичинде эле берилген. – ...

Кененирээк »

АКШ менен БУУ Тоолуу Карабактагы чыр-чатакты сындады

АКШ Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди сынга алып, чыр-чатактын мындан ары өнүгүшүнөн качууга чакырды. Бул туурасында мамлекеттик катчы Жон Керринин таркаткан билдирүүсүндө кабарланат. “Кошмо Штаттар чечкиндүү түрдө көптөгөн адамдын, анын ичинде жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген Тоолуу Карабактагы кагылышууну сынга алат. Биз тараптарды сабырдуу болууга жана ок атууну токтотуу боюнча келишимди сактоого чакырабыз ” деп жазылат билдирүүдө. Керринин айтымында, мындай абалга ...

Кененирээк »

Саясатчылардын офшордук миллиарддары жөнүндө «Панама кагаздары» жарыяланды

Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму Орусия президенти Владимир Путиндин талапташтарынын офшордук эсептерге көмүскө каражаттарды алып чыгуу боюнча масштабдуу түйүн бар экендигин аныкташты. Жалпысынан алганда сөз эки миллиард доллардан ашуун сумма жөнүндө болууда. Бул маалымат “Панама кагаздары” аттуу жаңы баяндаманын алкагында жарыяланган. Аталган отчет бир катар уюмдар тарабынан бир эле убакта бир нече тилде жарыяланган. Ал панама юридикалык компаниясынын ачыкталып кеткен документтерине ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful