Templates by BIGtheme NET

Ааламда

Тажикстанда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү иске ууланып каза болду

Тажикстандын Хатлон облусундагы Кушониён районунда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү истүү газга ууланып каза болду. Маалыматтарга караганда, окуя 11-февралга оогон түнү болгон. Эртең менен үйдүн ичинен 49 жаштагы үй ээси Зокир Шокировдун жана 18 жаштагы кызы Мадина менен 19 жаштагы уулу Анастын сөөктөрү табылган. Алардын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин жерге берилди. Азырынча экспертизанын жыйынтыктары айтыла элек. Бирок коңшулары маркумдар үйүн ...

Кененирээк »

Белорусияда окуучу мугалимин бычактап өлтүрдү

 Белорусиянын бобору Минск шаарындагы мектептердин биринде окуучу мугалимине жана 3 окуучуга бычак менен кол салган. Жыйынтыгында мугалим менен бир окуучу каза болгон. Бул тууралуу  чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, азыркы учурда кылмышкер кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

“Таштандылардан”, “Түкүрүктөрдөн” арылбаса өлкө өзгөрбөйт…

Бул көрүнүш Украинанын эл өкүлдөрүнүн улут экенине, мамлекеттүүлүгүнө шек келтирген депутаттарын таштандыга теңеген көрүнүш. Айрым демократиянын өнүгүшүнө салым кошкон өлкөлөрдө тарыхый төңкөрүштөр таштандыдан башталганы белгилүү. Мисалы, Рим империясынын өзгөрүү учуру да ушундай мамлекеттин таштандыга толгон мезгилине шайкеш келген. Бирок айырма: демократиянын флагманы болгон өлкөлөр жана азыркы заманда өзүнүн өнүгүү жолуна түшүп жаткан мамлекеттер көчөдөгү эмес адамдар арасындагы таштанды сымалдардан арылышкан… ...

Кененирээк »

Түркияда көп кабаттуу үй кулап, 5 жашар кыз 19 саат урандылардын астында жаткан

Түркиянын Стамбул шаарында алты кабаттуу турак үй кулап калган. Бул тууралуу түркиянын маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, кырсыктан 6 адам каза болуп, 14 адам жабыркаган. Куткаруучулар 19 саат урандылардын астында жаткан  5 жашар кызды  куткарып калышты. Кыздын абалы канатандыраарлык. Анын колу жана буту сынган. fakt.kg

Кененирээк »

Тажикстанда адам сатуунун курмандыктары көбөйүүдө

2017-жылы Тажикстандын 86 жараны адам сатуунун курмандыгы болуп, башка өлкөлөрдө мажбурлап иштетилген. Бул тууралуу 6-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан билдиришти. «Ошол эле жылы Тажикстандын 60 жараны араб өлкөлөрүндө, Түркияда, Орусияда жана Казакстанда сексуалдык кулчулукта болушкан. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан 2016-жылга чейин адам сатуу учурлары азайган. Бирок 2017-жылдан тарта кайрадан кескин көбөйүп кеткен», — деди ...

Кененирээк »

Фергана облусунда банктан 100 миң доллар уурдалды

5-февралда Элдик банктын Яъяван районундагы аймактык өкүлчүлүгүнөн 100 миң АКШ доллары уурдалды. Маалыматка караганда, акча уурдалганы иш күнү аяктагандан кийин белгилүү болгон. Дароо эле банкта иштеген бардык кызматкерлер кармалып, түнү бою сурак берип, үйлөрү тинтүүгө алынган. Райондук ички иштер бөлүмүнөн (РИИБ) банктан 100 миң доллар жоголгонун ырастап, бирок азырынча аны ким уурдаганы боюнча божомолдор жок экенин билдиришти. Бул ишти облустук ...

Кененирээк »

Казакстанда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү истүү газга ууланып каза болду

Казакстандын Павлодар облусунда бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсү — жубайлар жана эки баласы — истүү газга ууланып каза болду. Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, төрт адамдын сөөгү шаршемби кечинде Баянаул районунун Узынбулак айылындагы жеке үйдө табылган. Айыл башчысынын айтымында, алар истүү газга ууланышкан. Бийлик каза болгондордун аты-жөнүн жарыялады: Рустам Бекболатов (1979-жылы туулган), Наталья Бекбатырова (1982-жылы туулган), Динара Бекбатырова (2004-жылы туулган) ...

Кененирээк »

Майкл Жексондун педофилияга шектелип, сурак берип жаткан видеосу жарыяланды (Видео)

Британиялык  Daily Mail басылмасы поп-музыканын падышасы Майкл Жексондун сурактагы белгисиз видеосун жарыялады. Бул тууралуу INTERFAX.RU жазып чыкты. Видео Нью-Йорктун Four Seasons мейманканасында 1996-жылы 1-мартта тартылып алынган. Анда Жексон бир катар сексуалдык зордуктоолор боюнча суралган. Майкл Жексон кичинекей балдардын зордукталуусу боюнча суроолорго кош көңүл карап, өзүн кызыктай алып отурган. fakt.kg  

Кененирээк »

Чала таанышы ала качып кеткен кыз 3-кабаттан секирип кеткен

Казакстандын Шымкент шаарында  ала качып кеткен кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты. 18 жаштагы Аружанды  2019-жылдын 18-январында Султан аттуу жигит каалоосуна карабай ала качып кетип, зордуктап салган.  Алардын таанышканына аз гана убакыт болгон. Султан Аружанды басынтып, 31-январда анын өз өмүрүнө кол салуусуна түрткү болгон. Аружан  жөнөкөй үй-бүлөнүн кызы, ал келечекте ар бир кыз сыяктуу эле ...

Кененирээк »

Нурсултан Назарбаев «чуу көтөрбөөгө» чакырды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Конституциялык кеңешмеге жолдогон кайрылуусун «мамлекеттин кадыресе иши» деп атап, ал боюнча «чуу көтөрбөөгө» чакырды. Мамлекет башчы 1995-жылы Конституция кабыл алынгандан бери Конституциялык кеңешке 22 «президенттик кайрылуу» жөнөткөнүн билдирди. «Конституциялык кеңеш тууралуу мыйзам бул органга Конституция менен мыйзамдардагы боштуктарды чечмелөө укугун берет. Менин акыркы кайрылуум да ушундай эле учур. Мага «Президент кандай учурларда өз эрки менен кызматтан ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful