Templates by BIGtheme NET

Ааламда

Ингушетияда «Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитеттин” кеңсесине кол салуу болду

4

Карабулакта (Ингушетия) белгисиз адамдар тарабынан «Кыйноолорду алдын алуу боюнча комитеттин” мобилдуу тобунун кеңсесине кол салуу болду. Твиттерде комитеттин кызматкери Дмитрий Уткин жазып чыккандай, видеокамералар кеңсеге беткапчан куралдуу адамдар кирип келгенин көрсөттү. Маалым болгондой, алар 5 автоунаа менен келишип, сыртта жана ичинде орнотулган камераларды бузушкан. Буга чейин Ингушетияда Чечен республикасы менен административдик чек аранын жанында 20га жакын адам комитеттин мобилдик тобунун ...

Кененирээк »

Путинге каршы санкция киргизүү чакырыгы туура эмес

2

Савченконун иши үчүн Владимир Путинге Европарламенттин санкция киргизүү чакырыгы туура эмес. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков соттук жараян орус мыйзамдарына шайкеш жүргүзүлүп жаткандыгын жана ага кийлигишүүгө жол берүү мүмкүн эместигин билдирди. Буга байланыштуу Песков Савченконун иши боюнча түшүндүрмө бербей тургандыгын кошумчалады. Ал орус туткундарына украин учкучун алмаштыруу боюнча кайрылуулардын түшкөн-түшпөгөнүн дагы билбей турганын айтты. Буга чейин Орусия Тышкы иштер министринин ...

Кененирээк »

Тажикстанда чет өлкөлүк валюта менен иштегендер камалат

6

Бүгүн тажик парламентинин депутаттары Кылмыш жана Укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карашат. Ага ылайык мыйзамсыз акча алмаштыруу үчүн жарандар 9 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн. Буга чейин Тажикстандын Улуттук банкы чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн мыйзамсыз операциялар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштаган. Мыйзам долбоорлордун максаты – улуттук валютанын кунун сактап калуу. Тажик президенти өкмөттүн жыйынында белгилегендей, улуттук ...

Кененирээк »

ИМ террористик топтун “Коргоо министри” өлгөн болушу мүмкүн

5

“Ислам Мамлекети” террористик уюмунун негизги кол башчыларынын бири Умар-аш-Шушани Сириянын түндук-чыгышындагы америкалыктар тарабынан уюштурулган аба чабуулунда бутага алынды. Бул туурасында маалымат агенттиктерине Пентагондун өкүлдөрү билдирди. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, ИМнин “Коргоо министри” атыккан Шушани менен бирге дагы 12 согушкер өлтүрүлдү. Пентагондун басма сөз катчысы аш-Шушанини Ирак жана Сириянын согуш талааларында тажрыйба топтогон жоокесеп катары сыпаттады. Анын божомолунда кол башчы акыркы учурда ...

Кененирээк »

БУУ качкындар боюнча Евробиримдик менен Түркиянын ортосундагы келишимди сындады

5

Жакынкы Чыгыш жана Африкадан Европага барган качкындарды Түркияга кайтаруу боюнча алдын ала макулдашуулар кооптондурууда жана кескин сынга кабылды. БУУнун качкындар боюнча агенттиги бозгундарды жамааты менен башка өлкөгө жиберүүгө эл аралык укук тыюу саларын баса белгиледи. Жогорку комиссар Венсан Коштель легалдуу эмес мигрантар жөнүндө сүйлөшүүдөн чарчаганын билдирди. Ал Грецияга келгендердин 91 пайызы Ирак, Сирия, Ооганстан сыяктуу куралдуу жаңжалдарга чулганган өлкөлөрдүн жарандары ...

Кененирээк »

Путинге каршы санкция киргизүүгө чакырды

4

Европарламенттин депутаттары учкуч Надежда Савченкого карата көрүлгөн мыйзамсыз аракеттери үчүн президент Путин жана андан тышкары 28 кишиге санкция киргизүүгө Евробиридикти үндөдү. 57 депутат тиешелүү кайрылууну ЕБ тышкы саясат боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могериниге жолдошту. Путинден тышкары кара тизмеге Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковду, Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Алексей Пушковду, Орусиянын Тергөө комитетинин кызматкерлерин жана Лугансктын ...

Кененирээк »

Тартип сакчылары аялды сабап, автоунаанын багажына салууга аракет кылды

2

“Азаттыктын” мобилдик кабарчысы эки милиция кызматкери аялды күч менен автонунаанын багажына салууга аракет кылып жаткан видеону таркатты. 14 секундга созулган тасмада эки узун бойлуу тартип сакчысы аялды унааны көздөй сүйрөгөнү көрүнөт. Андан соң алардын бири Nexia үлгүсүндөгү, ак түстөгү темир тулпардын багажын ачат. Милиция кызматкерлерине аял каршылык көрсөтүп, кыйкырып жерге жыгылат. Багажга тыгуу аракетинен майнап чыкпайт. Видеонун авторунун айтымында, окуяга ...

Кененирээк »

Назарбаев McDonald’s аркылуу инвесторлорду чакырат

73AD948C-A2EC-4E67-B33F-E63BCE03F537_cx0_cy2_cw0_w1000_r1_s_r1

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 5-мартта Астанадагы McDonald’s тез татым ресторанына баш багышы өлкөдө талкуу жаратты. Казак бийлиги McDonald’s тез татым ресторандар түйүнү келечекте өлкөдө 20 миң кишиге жумушчу ордун түзөт деп билдирет. Социалдык тармактардагылар муну фастфуд жегиле деген ишара катары кабылдашты. Ал эми президенттин маалымат катчысы Даурен Абаев мындай пикирлерди четке кагып, Назарбаевдин визити чет элдик инвесторлорду казак экономикасына акча салууга ...

Кененирээк »

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Ирандагы фестивалга катышты

62AF62A4-3A84-4178-936C-1DF3776EFBE3_cx0_cy12_cw0_w1000_r1_s_r1

Нооруз майрамын утурлай Тегеранда өтүп жаткан элдик кол өнөрчүлүк фестивалына Кыргызстандан Кол өнөрчүлөр ассоциациясынын ресурстук «CACSARC-kg» борбору катышты. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, фестивалда кыргызстандык кол өнөрчүлөр кийизден, чийден жасалган куурчактар жана башка улутту тааныткан оймо-чийме салынган буюмдар коюлган көргөзмө даярдашты. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандан барган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун кызыгуусун жаратты. Фестивалга Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Индонезия, Армения жана ...

Кененирээк »

Ирандык миллиардер өлүм жазасына өкүм кылынды

C0615F27-7DAE-437C-85C1-C36037CCB806_w1000_r1_s

Жемкорлукка жана экономикалык кылмыштарга айыпталган ирандык миллиардер Бабак Занжанини сот өлүм жазасына өкүм кылды. Иран сотунун өлкөдөгү эң бай адамдардын бирине жана ишке тиешелүү делген дагы эки кишиге карата чечими бүгүн белгилүү болду. Андан тышкары Занжани мамлекетке келтирилген чыгымды төлөө милдеттендирилди. Айыпталгандар бүтүмгө каршы жогорку инстанцияга арыздана алышат. Миллиардер Занжани 2013-жылы декабрда камакка алынган. Ошол учурда анын байлыгы 14 миллиард ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful