Templates by BIGtheme NET

Спорт

Муслим Евлаев күмүш медаль тагынды

Муслим Евлаев  күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КР күрөш федерациясы билдирди.  Маалыматка ылайык, Азия чемпиондугунда  биздин спортчубуз Муслим Евлаев  эркин күрөш боюнча 74 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн. Ал  өзбек спортчусу Бекзод Абдурахмонов менен беттешип, жыйынтыгында күмүш медалга ээ болгон. Эгер биздин спортчу өзбек атаандашын жеңе алганда  алтын медаль тагынмак. Ошентсе да биздин балбан Кыргызстандын атын чыгарып, күмүш медалга ээ болду. fakt.kg

Кененирээк »

Нургазы Асангулов коло медаль тагынды

Нургазы Асангулов коло медаль тагынды. Бул тууралуу КР күрөш федерациясы билдирди.  Маалыматка ылайык,    Нургазы Асангулов 71 кг чейинки салмак категориясында Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль тагынды .   Нургазы Асангулов атаандашын  8:1 эсебинде Индиянын спортчусу Дипак Дипакты жеңди. Эскерте кетсек, биринчиликтин алгачкы күнүндө Самат Шырдаков 80 кг чейинки салмак категориясында коло медаль жеңип алган. fakt.kg

Кененирээк »

Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетти

Айсулуу Тыныбекова   чемпион аталды.  Бул тууралуу  КР күрөш федерациясы билдирди.  Маалыматка ылайык,   күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова чемпион аталды. Ал 58 килограмм салмакта финалдык беттеште Индия спортчусу Сатира менен беттешкен.  Анын натыжасында биздин спортчу Айсулуу 6:0 эсебинде жеңишке жетти. Ал атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк бербей, жыйынтыгында спортчубуз өз салмагында мыкты балбан экендигин далилдеди. Бул жеңиши менен  Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугун  эки ...

Кененирээк »

Алтынбек Сулайманов жеңишке жетти

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов дайым спорт менен машыгып, элди да дени сак жашоого үндөп, ар убак өзү үлгү болуп келет. Спортко жакын экендигинен улам бүгүн, 13-майда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Run the Silk Road” эл аралык марафонуна активдүү катышып, 5 км аралыкка чуркап, алдыңкылардан болуп финишке келди.   fakt.kg

Кененирээк »

“Манчестер Юнайтед” менен “Аякс” Европа Лигасынын финалына чыкты

Европа футбол Лигасынын жооптук жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФА сайтына жарыяланды. “Манчестер Юнайтед” өз талаасында “Сельта” менен ойноп 1:1 эсебинде теңме-тең аяктады. Алгачкы оюнда “Юнайтед” 1:0 эсеби менен утуп чыккан, эки оюндун жыйынтыгы аркылуу ал финалга чыкты. “Аякс” жарым финалда “Лион” менен ойноп,1:3 эсебинде утулуп калган. Биринчи оюнда “Аякс” 4:1 эсебинде уткандыктан, 2:0 менен турнирдин финалына жолдомо алды. Европа ...

Кененирээк »

Оренбург клубу менен казакстандык оюнчулар ортосунда мушташ чыкты (Видео)

 Казакстандын командасы 8-май күнү Оренбург клубу  менен  «Буревестник»  спорт залында  беттешти. Оюндун жүрүшүндө командалар ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу казак  басылмалары жазып чыкты. Хоккей оюнунда мындай мушташуулар көп болоорун айткан хоккейчилер аягы достук менен аяктаганын белгилешкен.   fakt.kg

Кененирээк »

Эртең “Атлетико” менен “Реал”беттешет

Эртең, 11-май күнү  Бишкек убактысы боюнча саат 00:45те “Атлетико” менен мадриддик “Реал” беттешет. Бул тууралуу Чемпиондор Лигасынын расмий сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык,  “Атлетико” өз талаасында ойноп, беттешти түрк калысы Канейт Какер тейлейлээри айтылды. Бул командалардын биринчи оюнунда Роналдунун үч голу “Реалды” жеңишке жеткирген болчу. Ал оюнда  эсеп 3:0 эсебинде аяктаган. Буга чейин “Атлетико” клубу “Лестерди” утуп жарым финалга чыкса, ...

Кененирээк »

Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Ювентус» «Монакону» жеңди

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. «Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди. Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт. Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду. Анда Амстердамдын “Аякс” командасы өз талаасында франциялык “Лионду” 4:1 ...

Кененирээк »

“Реал” Европа Лигасынын биринчи жарым финалында “Атлетикону” жеңди

Футбол боюнча Европанын чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. “Реал” өз талаасында “Атлетикону” 3:0 эсебинде утту. Үч топту тең атаандаштардын дарбазасына Криштиану Роналду киргизди. Эки тайпа ортосундагы кийинки оюн 10-майда өтөт. Бүгүн, 3-майда “Монако” – “Ювентус” экинчи жарым финалда кездешмекчи. fakt.kg

Кененирээк »

Румынияда өткөн мелдеште Султай Чыңгыз коло медаль тагынды

Румынияда  өткөн оюнда кыргыз спортчусу Султай Чыңгыз  жеңишке жетти.  Бул тууралуу мелдештин  маалымат сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Султай Чыңгыз Румынияда шахмат оюну боюнча өткөн окуучулар арасындагы Дүйнө биринчилигинде коло медалды жеңип алды. Биздин спортчу 65 оюнчунун арасынан  7 упай топтоп 3-орунду алса, 8.5 упай менен өзбек спортчусу баш байгеге ээ болгон. Fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful