Templates by BIGtheme NET

Спорт

Лионель Андрес Месси «Барселонадан» кетет

«Барселонанын» футболчусу Лионель Месси  клубдан кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу  ESPN FC  сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Месси аталган клубдун сакталышына көңүлү толбогон.  Буга чейин «Манчестер Сити» клубу Мессиге  €300 млн төлөөгө даяр экендиктерин билдирген. Эске салсак, буга чейин «Барселонадан» белгилүү спортчу  Неймар кеткен эле. fakt.kg

Кененирээк »

Кыргыз улакчылары өзбек улакчыларын утуп алды

Казакстанда көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда  кыргыз улакчылары өзбек улакчыларын  11:2 эсеби менен жеңип алды. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынан билдирди. Маалыматка ылайык,  3 бөлүктө тең өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөтүшкөн улакчыларыбыз Өзбекстандын улакчыларын 11:2 эсебинде утуп алды. fakt.kg

Кененирээк »

Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө биринчилигинде күч сынашат

Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө биринчилигинде күч сынашат. Бул тууралуу  Дзюдо федерациясынан билдирди. Маалыматка ылайык, чемпионат 28-августтан 3-сентябрга чейин Венгрияда өтөт. Аталган мелдеште өлкө намысын тогуз спортчу коргойт. Алардын жетөө эркек, экөө кыздар. fakt.kg

Кененирээк »

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов финалга чыкты

Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда  Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов  финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты  жазып чыкты. Маалыматка ылайык, спортчу Акжол Махмудов 74 килограммга чейинки салмак боюнча күрөшүп жарым финалда түркиялык спортчу  Али Османды  7 упай менен жеңип алган. Спортчубу Акжол Махмудов финалда америкалык Камал Амир  менен беттешээри күтүлүүдө. Эскерте кетсек, Акжол Махмудов ...

Кененирээк »

Кыргызстандык спортчу дүйнө чемпиону аталды (Видео)

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы аялдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Күрөш боюнча биргелешкен дүйнө  сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык,  Айпери Медет кызы 72 килограммдык категорияда ат салышып, 1/8 финалда Швециялык спортчу Сабина Макота Строем 4:6 эсебинде жеңип алган. Ал эми тагдыр чечкен башкы кармашта кыргызстандык кыз япониялык Ясуху Мацуюкини 8:6 эсебинде жеңип алды. fakt.kg    

Кененирээк »

Кыргызстандын спортчулары Румыниядагы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын спортчулары Румыниядагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 22-23-июль күндөрү Бухарест шаарында грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөш боюнча Ion Cornianu & Ladislau Simon аталышындагы эл аралык турнир өтөт. Бул турнирге эркин күрөш боюнча Эламан Догдурбек уулу, Бактияр Карагул уулу жана Улук Жолдошбековдор катышышат. fakt.kg

Кененирээк »

Шевченко менен Нуньестин беттеш күнү аныкталды

UFC уюму Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин реванштык беттеши качан болорун расмий түрдө  жарыялады. Мушкер айымдар 9-сентябрь күнү Канаданын Эдмонтон шаарында “UFC-213” турниринин алкагында беттешет. Алардын  9-июль күнкү беттеши болбой калган. Буга бразилиялык спортчунун өзүмдү жакшы сезбей жатам деп таймашка чыкпай койгону себеп болгон. Анда Шевченко  “Мен Аманда Нуньестин ооруп калганына 100 пайыз ишенбейм”-деген  “Час ММА” берүүсүндө. Шевченко  “ал таймаштан медициналык себептерден улам баш ...

Кененирээк »

Алты араб өлкөсү дүйнөлүк футбол чемпионатынын Катарда өтүшүнө каршы чыгышты

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино маалымдагандай, Сауд Арабия, Йемен, Мавритания, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатын башка өлкөгө жылдырууну талап кылышууда. Алар Катар терроризмди жактай турганын жана турнирге келе турган күйөрмандардын коопсуздугун камсыздоого даяр эместигин билдиришүүдө. Бул өлкөлөр эгер талап аткарылбаса, чемпионатка байкот жарыялашарын эскертишти. Инфантино араб өлкөлөрү күтүлбөгөн учурларда турнирди ...

Кененирээк »

“Нуньестин ооруп калганына 100 пайыз ишенбейм”

9-июль күнү Шевченко менен Нуньестин беттеши болбой калган. Буга бразилиялык спортчунун өзүмдү жакшы сезбей жатам деп таймашка чыкпай койгону себеп болгон. Ал эми  Шевченко  “Мен Аманда Нуньестин ооруп калганына 100 пайыз ишенбейм”- деди спортчу  “Час ММА” берүүсүндө. Шевченко  “ал таймаштан медициналык себептерден улам баш тартканын айтканы менен, таймаштын алдында бир жума аралыгында, таразага тарткан күнү, эртең беттешебиз деген күнү дагы ...

Кененирээк »

Сооронбай Жээнбеков Дарья Маслованын уникалдуу жеңиши менен сыймыктанат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Дарья  Маслова жана  Адилет Кыштабеков, ошондой эле алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Эске салсак эл аралык турнир Индия Республикасынын  Бхубанешвар шаарында болуп өттү. Дарья Маслова 5 жана 10 миң метр аралыкка чуркоодо жеңип чыгып, Кыргызстанга эки алтын медалды алып келди. Дагы бир коло медалды 10 000 метр аралыкка ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful