Templates by BIGtheme NET

Маек

Төлөйкан ИСМАИЛОВА: «Алмазбек Атамбаев жөнсүз асылып, абийириме орду толгус шек келтирди. Ошондуктан, мага он миллион сом өлчөмүндө моралдык чыгып төлөп берүүгө тийиш!»

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Ала Арча» резиденциясында баатыр энелерге орден тапшырып жатып, «12-майда «Элдик парламент» форум өткөрүп жатканда, кимдер гана келген жок. Бекболот Талгарбеков баштаган акаевчилер, Тойгонбай Калматов жетектеген бакиевчилер, ИГИЛдин тарапташы Нурлан Мотуев жана чет өлкөдөн келген акчаны иштетип жаткан бейөкмөт уюмдардын башчылары Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулова. Алардын максаты бир — өлкөдө ар кандай шылтоо менен эптеп төңкөрүш ...

Кененирээк »

Жыргалбек Саматовдун мандаты дагы талашка түштү

 Өзүнүн укугун мыкты коргоп, соттошуп жатып өз мандатын кайрып алган “Республика Ата Журт”  фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун мандатына байланышкан чыр кайрадан көтөрүлдү. Биз Жыргалбек Саматовдун өзүнө байланышып, бул маселе боюнча өз оозунан уктук: Сиздин мандатка байланыштуу маселе кайра көтөрүлдү, ушул боюнча эмне айта аласыз? Менин мандатыма байланыштуу маселени карап жатышканын мен да уктум. Мени чакырышты, ошол жакка барып, маселелердин баарына ...

Кененирээк »

Көйгөйлүү насыячыларды пайдалангысы келген үчүнчү күчтөр бар

Динара Назаркулова, насыячылардын укугун коргоо комитетинин жетекчиси: – «Банктан насыя алып, аны төлөбөй коюуга мүмкүн, өкмөт көйгөйлүү насыячылардын карызын мойнуна алышы керек» деген ураандар акыркы нааразычылык акцияда айтылды. Кандай ойлойсуз, ушундай болушу мүмкүнбү? -Бул абсурд. Өлкө казынасы жарды. Кайсы алына мамлекет жарандардын карызын мойнуна алышы керек? Менин оюмча, элди жөн эле алдап жатышат. Насыячылар андай чакырыктарга ишенип, төлөбөй жүрө берсе, ...

Кененирээк »

“Кумтөр” боюнча бийликтин канча духу жетет билбейм, мен ошого күмөндөрмүн”

Жогорку Кеңеште “Чубактын кунундай чубалган”  «Кумтөр» маселеси кайра талкууга чыкты. Мурда “Кыргыз Алтын” ишканасын жетектеген Дастан Сарыгулов кармалды. Мындай көрүнүштү айрымдар саясий оюн деп баалашса, кээ бирлери бийликтин алга жылуу кадамы катары баалашууда. Биз бул маселелер “Кумтөр” маселеси боюнча депутаттык мандатын тапшырып кетип калган, экс-депутат Эркин Алымбеков менен маектештик. «Кумтөр» келишими кайра каралсын деген маселе көтөрүлүп чыкпадыбы, ушундан жыйынтык чыгабы, ...

Кененирээк »

Сыймык Бейшекеев эмне үчүн маданият министри болуудан баш тарткан?

КРнын эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси, токтоо мүнөз, оор басырыктуу, обончу жана аткаруучу Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ “Жаңы Агым” гезитинде конокто болуп, жагымдуу маек куруп берди. — Сиз менен маектешип, окурмандарга өнөр дүйнөңүздөн азын-оолак кеп куралы десек эле убактыңыз болбой койгонунан эс албай иштеп жаткан окшойт Сыймык  мырза деген ой келет экен… — Анчалык деле ойду омкоруп, тоону томкоргудай ...

Кененирээк »

“Алтын-Көл” пансионатыбызда көңүл ачып, эс алуу үчүн бардык шарттар бар

Жайдын аптаптуу күндөрүндө дээрлик баарыбыз эмгек өргүүсүнө чыгып, Ысык-Көлдү көздөй сапар алабыз. Албетте ал жакта ондогон мыкты пансионаттар бар. Биз бүгүн ошол мыкты пансионаттардын катарына кирген Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына караштуу болгон “Алтын-Көл” пансионаты тууралуу маалымат берүүнү туура көрүп олтурабыз. Аталган пансионатта жалаң гана Жогорку Кеңештин кызматкерлери эмес, каалоочулар да эс ала алышат. Башка пансионаттарга салыштырмалуу баасы төмөн, бирок тейлөө ...

Кененирээк »

Өмүрбек Текебаевдин саясаттан тышкаркы жашоосу, хоббиси, үй-бүлөсү тууралуу кызыктуу маек

Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев: “Бийликке келгенден бери, өзгөргөн жокмун. Бийлик кандайдыр бир деңгээлде изин калтырат. Бирок ал менин маңызымды ирите алган жок!…. ” Өмурбек Текебаевдин саясаттан тышкаркы жашоосу, хоббиси, үй-бүлөсү тууралуу кызыктуу маек. 26 жылдан бери саясатта жүргөн депутат ийгилик сыры менен бөлүшөт.   Ютубга жүктөгөн:KTRKkg fakt.kg

Кененирээк »

Ооз бекиткенден кийин тиш жуусак кандай болот?

Атактуу аалым Чубак ажы Жалиловго суроолоруңуздарды SMS же Whatsapp аркылуу 0773-61-54-87 номуруна жибериңиздер! Эскертүү: аталган номур Чубак ажыныкы эмес! Шариатта бирөөнүн баласын эмизсе болобу? Жеңем баласын эмизип турчу деп таштап кете берет. Жолдошу руксат берсе, эмизе берсе болот дешет, ушул туурабы? Эгерде эмизе турган аялдын күйөөсү, тагыраак айтканда, сүттүн ээси уруксат берсе, эмизе берсе болот. Уруксат бербесе, эмизгенге да уруксат берилбейт. ...

Кененирээк »

“Кыргызстандын ар бири жараны мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү”

Бүгүн, “Республика-Ата Журт”  фракциясынын жыйынында депутат  Мирлан Жээнчороев “Конституцияга ылайык, ар бир киши шайлоого жана шайланууга укуктуу. Биз талапкер экзамен тапшырышы керек деген норманы алып салууну сунуштайбыз. Комиссияда отурган 7-10 киши адамдын укуктарын чектебеши керек”, — деген оюн айткан. Fakt.kg сайты бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовго кайрылды. “Президенттикке талапкер мыйзам боюнча  мамлекеттик тилден экзамен тапшырууга  милдеттүү.  ...

Кененирээк »

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВдин жубайы Айгүл: “Өмүрбек мага бир көргөндө жаккан”

Элибизге белгилүү саясатчылардын катарын толуктаган Өмүрбек Текебаев 20 жылдан ашуун убакыттан бери кыргыз элине талыкпай эмгек кылып келет. Демек, жубайы ага дайыма арка-бел болуп ишине колдоо көрсөтүп турарынан кабар берет. Мыкты саясатчынын жубайы кандай экени баарыбызды эле кызыктырса керек. Анда кийинки маекке назар салыңыздар. – Өмүрбек Чиркешович менен качан, кантип таанышкансыз? – 1991-жылы Москвада таанышканбыз. Ал учурда Батыш Украинадагы Хмельницкий ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful