Templates by BIGtheme NET

Коом

Психиатриялык ооруканада соттун чечими жок эле дарыланышат

Мындай оркойгон мыйзам бузуулар Кыргыз Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Жалал-Абаддагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасын кыдырган учурда ашкереленди. -Басымдуу бейтаптар психиатриялык мекемеде мыйзамсыз жатышкандыгы аныкталды. Алардын колунда ооруканада жатууну мыйзамдаштырган бир дагы соттун чечими жок! – деп тызылдады Кыргыз Акыйкатчысы Кубат Оторбаев. – Бул адамды психиатриялык ооруканада мыйзамсыз жана күчтөп кармоо дегендикке жатат. Муну үчүн тиешелүү кишилерди кылмыш жоопкерчилигине тартса дагы жарашат. ...

Кененирээк »

Өзбекстандын жер семирткичи 5-6 сомго арзан

Жазда дыйкандарды жер семирткичтер менен жетиштүү камсыздоо максатында Өзбекстан менен Кыргыз Өкмөттөрү өз ара сүйлөшүп, мунун натыйжасында өлкөбүзгө 38 миң тонна жер семирткич алып келүү макулдашылган. Ушул тапта мунун ичинен 150 тоннасы Ош облусуна жеткирилди жана жергиликтүү дыйкандарга сатылды. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Акматжан Махамадовдун сөзүнө караганда, аммиак селитрасынын бир килосу 16 сом 60 тыйындан, ал эми ...

Кененирээк »

Баткенде дан эгин эгиле башталды

 Өрүкзар мекенинде дыйкандар кылкандуу дан эгиндерин себүүгө жапырт киришти. Бул жөнүндө Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Эшмурзаев маалымдады. -Айыл өкмөтүбүзгө 70 тонна жер семирткич алып келинип, дыйкандарга жардам иретинде бир килосу 16 сом 50 тыйындан таратылды. Бирок, аба ырайы багбанчылык үчүн абдан кооптуу болууда. Анткени күн жылып, бак-дарактар гүлдөгөн маалда аба ырайы кайрадан суук тартса, баарын үшүк уруп ...

Кененирээк »

Министрликтин деңгээлинде чечилчү маселе бизге жетип жаткандыгы уят

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынынын “Ар кандай маселелер” бөлүгүндө    сөз сүйлөгөн депутат Жыргалбек Тойчубаев буларга токтолду. “Мектепте коррупция иштери күчөп кетти, менде фактылар бар. Мектептер мыйзамсыз акча чогултуп жатат. Министрликтин деңгээлинде чечилчү маселе бизге жетип жаткандыгы уят” деди депутат. fakt.kg

Кененирээк »

Казак-Кыргыз чек арасы суунун агымы менен белгиленет деп келишим түзүлүп калыптыр

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынынын “Ар кандай маселелер” бөлүгүндө    сөз сүйлөгөн депутат Урматбек Самаев буларга токтолду. “Чек ара маселеси өтө кооптуу болуп турат. Казак-Кыргыз чек арасы суунун агымы менен белгиленет деп келишим түзүлүп калыптыр. Казак тарап суунун агымын биз жакка буруп жатышат, биз тараптан иш жүрбөй жатат. Бүгүнкү күндө чек араны бөлүп турган сайдан казактар кум, шагыл ташып бизнеске ...

Кененирээк »

Жогорку Кеңеш «токуган» токтомдорду тоготпогон соттор

Токтомду уруп ойнобогон соттор. Челпектеги бала бакча талашы Токсонунчу жылдардан кийин бала бакчалардын көбү жабылып, бир тобу жеке менчикке өтүп кеткени баарыбызга эле маалым. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, ага ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалардын баары мамлекетке өткөрүлүп берилиши керек эле. Бирок бүгүнкү күндө токтомдун аткарылбай келгенине элдер нааразы болууда. Айтсак, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылындагы бала ...

Кененирээк »

Кыргызстанга 240 жылан, 3000 бака алып келаткан Кытай жараны кармалды

Кыргызстанга кургатылган бака, жылан алып келе жаткан Кытай жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. Автобус менен кургатылган 240 жылан, 3000 бака жана кызыл түстөгү суюктук куюлган 140 ампула табылган”. “Торугарт” көзөмөл өткөрүү жайынан бул жүктү  ташып келүү боюнча документтердин жоктугун аныктап, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кожоюну менен кошо бака-жыландарды тиешелүү тараптарга өткөрүп берди. fakt.kg

Кененирээк »

Марат Исаевди Путин медаль менен сыйлады

Россиянын президенти Кыргызстандык Марат Исаевди “Жабырлануучуну куткаргандыгы үчүн” медалы менен сыйлады. Ушундай эле медаль менен сержант Артем  Королюк да сыйланды. Бул тууралуу РИА новости агенттиги кечээ жазып чыкты. Эске салсак, 11-февраль күнү  «Красносельская» метросунда бир аял эсин жоготуп метрого кулаган болчу. Поезддин келе жатканын көрүп туруп, өз жанын тобокелге салып аны куткарып калышкан. Москванын мэри буга чейин Исаевди  атайын сыйлык ...

Кененирээк »

Назарбаев өзү түптөгөн партияны үгүтөөдө

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эгер парламенттик шайлоодо калк өзү төрагалык кылган “Нур Отан”партиясына добуш берсе, өлкөдөгү реформаларды улантууну убадалады. Мындай билдирүүнү ал Казакстан Эл Ассамблеясынын республикалык форумунда билдирди. Казак президентинин пикиринде, партиянын максаты- “Нурлуу жол” багыттамасын ийгиликтүү жүзөгө ашырып, унаа, темир жолдорун салуу электрстанцияларды жана башка инфраструктуралык объектилерди, үйлөрдү, бала бакча, мектеп, ооруканаларды куруу. Нурсултан Назарбаев эгер шайлоодо добуш берүү ...

Кененирээк »

Ушак үчүн кыйылган өмүр

Өзгөн районунун Дөң-Булак айлынын тургуну 17 жаштагы кызды мууздап өлтүргөн. Ал аялы туурасында ушак таркаткан селкиден ушундай жол менен өч алууну чечкендиги айтылууда. Бул туурасында Борбордук Азия маалымат кызматына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, окуя 7-март түнү болгон. Кылмышкерлер кыз уктап жаткан маалда терезеден киришкен. Бул иш боюнча 22-24 жаштагы эки адам ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful