Templates by BIGtheme NET

Коом

Өкмөт 110 миң жумушчу орун түздүк дейт буга ким ишенет?

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда депутаттар элдин чечилбей жаткан суроолорун берип жатышат. Алтынбек Сулайманов буларга токтолду: “Өкмөт отчёт берип жатып, 110 миң жумушчу орун түздүк дейт буга ким ишенет? Олег Понкратов 13 миң жумушчу оруну түзүлдү дейт. Мына ушул чындыкка жакын маалымат. Өкмөт антикризисттик программасын көрсөтө алган жок, сандан сапатка өтүүгө убакыт келип жетти го. Качанга чейин ...

Кененирээк »

“Бизде тескерисинче, өзүбүздө турса, сырттан инвестор тартышат”

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар жаңы премьер Сооронбай Жээнбековго суроо узатып, ой-пикирлерин билдирип жатышат. Депутат Канат Исаев “чет өлкөлөрдө өздөрүнүн ишкерлерин, ички өндүрүштү  колдошот. А бизде тескерисинче, өзүбүздүн ишкерлер турса сырттан инвестор тартылат. Ата-мекендик ишкерлерди колдоп турсак, биздин ички өндүрүмүбүз жогоруламак”, деген оюн сунуштады. fakt.kg

Кененирээк »

Сузакта топурак астында калган баланын сөөгү табылды (фото)

Кечээ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү катталып, анын кесепетинен үйлөр жабыркап, бир бала топурак алдында калган эле. Фейсбук колдонуучусу Наргиза Мансурованын фейсбукка жазган маалыматына таянсак, топурак астында калган өспүрүмдүн денеси бүгүн табылыптыр. “Сузакта жер көчкү болгон жерде көчкүнүн алдында калган 14 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу кырсык болгон жерге гумжардам жеткирип, жардам берүү үчүн барган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрү ...

Кененирээк »

“Тилди үйрөнүүдө эң кыйын болгон тил бул – кыргыз тили”

Депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин жыйынында “тилди үйрөнүүдө эң кыйын болгон тил бул – кыргыз тили. Кыргыз тилин үйрөтүүгө багытталган курстар башка тилдердеги курстардан баасы жогору”,- деп айткан экен. Депутаттын бул сөзүн “Парламент” радиосунан депутат Кенжебек Бокоевге угузулду.  Депутат Евгения Строкованын мындай пикирине Бокоев Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз тилин үйрөнүү кыйын дегенге кошулбайм. Убагында КРнын айыл-чарба министри болгон Александр Костюк ...

Кененирээк »

Кайрат Нуртас министрдин орун басары болуп дайындалган эмес!

Буга чейин кыргыз тилдүү интернет булактарында Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас Маданият жана спорт министринин орун басары болуп дайындалды деген маалымат чыккан эле. Алар бул маалыматты казакстандык интернет сайттарга шилтеме берүү менен жазып чыгышкан. Бирок казакстандагы nur.kz сайты жаңы эле жазып чыккан маалыматка таянсак, Кайрат Нуртастын министрге орун басар болду деген маалымат чындыкка дал келбейт экен. Кайрат Нуртастын директору министрдин ...

Кененирээк »

Бишкекте азык-түлүк дүкөнү күйүп кеткен

Бишкек шаарындагы  Турусбеков-Ташкент көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Калмур” азык-түлүк сатуучу дүкөндө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, окуя бүгүн, 28-апрель күнү саат 04:52 чамасында болгон. Дүкөндүн жыгачтан жасалган ички жасалгасынын 24 чарчы метр аянты, 4 даана муздаткыч, кондиционер жана товарлар күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. fakt.kg

Кененирээк »

“Электрондук өкмөт качан ишин баштайт?”

Жогорку Кеңештин жыйынында Алтынбек Жунус уулу буларга токтолду: “Электрондук өкмөт качан ишин баштайт, бул тууралуу ким жооп берет?”-деп суроо узатты. Ага тийиштүү адистер тез арада чечиле тургандыгы жөнүндөайтышты. “Бишкек шаарында курулуш каражаттары арзандап кетти. Тендерлер кризистик абалды эске алуу менен өтүп жатабы?”-деп суроо узатты. Бул маселе боюнча тийиштүү адистер чара көрүп жатышкандыгын айтышты. Буюрса баары сом менен болоору да маалым ...

Кененирээк »

Жол кырсыктары үчүн Кыргызстан “эки” алды

Жол кырсыгынан мерт болгондор боюнча Кыргызстан 53 өлкөнүн ичинен 2-орунда турат. Кыргызстан жол кырсыгынан мерт болгон жарандарынын саны боюнча эң жогорку көрсөткүчтөгү өлкөлөрдүн катарында. “Жарандык демилгелер” уюмунан кабарлашкандай, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жакында жол коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүздү. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Европа жана мурдагы советтик 53 мамлекеттин арасынан адам өмүрү кыйылган, ден соолугуна залака тийген жол кырсыктарынын саны боюнча ...

Кененирээк »

“Көпчүлүк министрлер журналисттер үчүн жабык”

Жанар Акаев бүгүнкү ЖКнын жыйынында буларга токтолду: “Эски адамдар менен жаңы кадамды баштадыңыз. Ишиңизге ийгилик. Кечээ күнү сиздин өзүңөрдү пиар кылбагыла деп айтканыңызды министрлер туура эмес түшүнүп, элге жана журналисттер үчүн жабык болуп калбасын. Көпчүлүк министрлер журналисттер үчүн жабык. Алар ай сайын, жума сайын суроолорго жооп берип туруусу керек. Мисалы айыл чарба министри эмнени эгүү керектигин айтып турушу керек болчу”, ...

Кененирээк »

Күздө малдарга паспорт берилет

  Бул максатта малды индентификациялоо жараянына мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом каралды. – Бул максатта Польша акча берип жатат. А Жогорку Кеңеш буга дейре тиешелүү документти ратификациялаган. Ушуга дейре биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев малды идентификациялоо иштерин күзүндө  баштоо пландалып жаткандыгын маалымдаган. Алишер Токсонбаев fakt.kg  

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful