Templates by BIGtheme NET

Коом

“Абактан тапкан махабатым”

– Жашоо кызык. Кээде оюңа келбеген кырдаалдарга туш болуп, турмушуң жарым жылга жетпей аңтар-теңтер болуп кетерин сезбей каласың. Атым Айжан, карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Башкалардай болуп түнкү клуб, отуруш-кечелерге деле барган эмесмин. Жогорку окуу жайды бүтөрүм менен базарда соода кылып, эрте бутума турдум. Артымдан тынчымды алып чуркаган жигиттер көп болбосо да, сөз айткандар болчу. Бул менин кемчилигимби же хоббимби, интернетте жигиттер ...

Кененирээк »

Жол жамоо иштери башталды (Видео)

Күн жылыгандан бери жумшап турган жолдордун абалы начарлап баратат. Ош шаарында жалпысынан 513 чакырым жол бар. Анын 313 чакырымы асфальт, калганына шагыл төшөлгөн. Калаа көчөлөрүндөгү жолдордун тең жарымы бузулуп, жыртык-тешиктери чекеден чыгат. Дал ошол чуңкурларды оңдоо иштери 12-апрелден тарта Айтиев жана Раззаков көчөлөрүндө башталды. Мындан кийиники реконструкциялоо иштери эл аралык кататамдагы жолдорду оңдоо менен уланат. Ютубга жүктөгөн: Ынтымак ТВ fakt.kg  

Кененирээк »

Азирети муфтий жана «Ыйман» фондунун жетекчиси М.Адышев атындагы ОшТУнун студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 19-апрелде М.Адышев атындагы Ош мамлекеттик университетиндеги студенттер жана окутуучулар менен Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков жолугушту. Иш чара «Улуттук маданият, билим жана дин» аттуу билгеликтеги долбоорунун алкагында «Ыйман» фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы менен биргеликте уюштурулууда. Жолугушууга аталган окуу жайдын проректору Урмат Аттокуров, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын ...

Кененирээк »

Баткенде насвайга тыюу салуу мыйзамына каршы митинг өттү (Видео)

Баткенде жогорку кеңештин насвайга тыюу салуу боюнча сунушталган мыйзам долбооруна каршы митинг өттү. Нааразычылык акциясына Баткен районунун Дара айыл аймагынан 200гө жакын жарандар топтолушкан. Нааразы тараптын билдиришинче, аталган айылдын дээрлик 90 пайызы кара тамеки эгип тиричик өткөрүшөт. Дара айыл аймагы тоолуу болгондуктан башка эгин кылууга мүмкүнчүлүк аз. Эгер насвайга тыюу салынса негизги кирешебизден кол жууйбуз деп тынчсызданышууда. Дара айыл өкмөтүндө ...

Кененирээк »

Биздин сайтка чыккан макала элдин көйгөйүн чечти

Өткөндө биздин “fakt.kg” сайтыбызга Оштон окурманыбыз вотсап аркылуу кайрылып, “Ош шаардык МАИсинде эл ташуучу микроавтобустарга берилген салон схемасы  деген баракчаны 500 сомго сатып алдым. МАИнин кызматкери ал баракчанын наркын 650 сом деп,  мен анча акчаны бере албастыгымды жана ал баракчанын наркы 250сом тургандыгын  айттым. Ошентип, экөөбүз соодалашып, мен ал баракчаны 500 сомго сатып алдым. Негизи, ал баракча айдоочуларга сатылабы? Эгер ...

Кененирээк »

Абдышүкүр ажы сөзүн баштай албай, ыйлап, көпкө чейин турду

Кечээ, 18-апрель  күнү Мухаммед (САB) пайгамбардын туулган айына  карата Кожомкул атындагы спорт сарайында мавлид мааракеси  болуп өттү. Бул мааракени мусулмандар дин башкармалыгы менен “Адеп башаты” коомдук фонду биргеликте уюштурган. Мавлидге Кыргызстандын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун мүдүрү Нурлан Субанов чыгып сүйлөштү. Сахнада ислам дининин таанытуучулардын ...

Кененирээк »

Кыргызстанда нике жашы жогорулады

Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен 24 жашта, эркектер 28 жашта никеге турат. Бул туурасында өлкөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка караганда, мындай көрүнүш республикада 2007-жылдан бери байлкалып келе жатат. Улуттук статистика комитетинин билдирүүсү боюнча 22-29 жашта үй-бүлө кургандардын саны арбын. Никеге тургандар өткөн жылы Ош, Баткен, Талас облустарында көп катталган. Эң аз көрсөткүч Бишкекке туура келет. Жаштар ириде билимге, карьерага ...

Кененирээк »

Твиттердин негиздөөчүсү Кыргызстанга келет

Айрым интернет булактарында Твиттер социалдык тармагынын негиздөөчүсү 30-апрель күнү Кыргызстанга клээри кабарланууда. Маалыматка ылайык, Твиттердин негиздөөчүсү Жон Чи жана Rykersoft’тун башкы директору Леонард Ан келип, Борбор Азиядагы Америкалык Университеттин кампусунда 30-апрель саат 11:00дө жолугушуу уюштурулат. Ал IT тармагында тажрыйбасы жок туруп ийгиликтүү компаниянын кантип түзгөнү жөнүндө ой бөлүшөөрү айтылууда. Баардык каалоочулар жолугушууга катышса болот. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful