Templates by BIGtheme NET

Коом

Жалал-Абадда мектепти 1421 окуучу бүтүрдү (сүрөт)

Жалал-Абад шаарындагы 22 мектепти быйылкы жылы 1421 окуучу бүткөрүп, турмуш жолуна аттанышты. Аларга шаар жетекчилери ак жол каалашты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Жалал-Абад шаарынын милдетин аткаруучу Турдалы Темрбаев Жалал-Абад шаарындагы №9Р. Санатбаев атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында болуп, бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамдары менен куттуктады. Үстүбүздөгү окуу жылында аталган мектептен жалпысынан 1400 окуучуга сексен мугалим билим берген. Ал эми он биринчи классты 42 ...

Кененирээк »

“Шоро” компаниясы бекер шоро таратууда (Видео)

Бүгүн, 25-май күнү “Шоро” компаниясынын 25 жылдыгына карата майрамдык бекер шоро суусундуктары таркатылууда. Элдин кубанычында чек жок. Анткени күндүн ысышы  менен элдерди суусундук менен камсыз кылган компанияга ыраазычылыктарын билдирген элдердин саны арбын. Биздин жаамат да “Шоро” компаниясынын  25 жылдык майрамы менен куттуктайбыз. Иштеринде ийгиликтер болсун. fakt.kg

Кененирээк »

Кылмышты иликтөө башкармалыгынын жетекчиси пара менен кармалды (ВИДЕО)

Ош облусун Кара-Суу РИИБинин кылмышты иликтөө башкармалыгынын жетекчиси 40миң сом пара алып жаткан жеринен, УКМК кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Булак: zanoza fakt.kg

Кененирээк »

Сууга агып кеткен аял изделип жатат

Чүй облусунун  Ибраимов айыл аймагынын Султан айылындагы Туюк жер тилкесиндеги Бурана суусунан эки аял атчан өтүп баратып, бирөөсү аты менен кошо сууга агып кеткен. Бул туурасында ӨКМ билдирүүдө. КР ӨКМнын 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзгөн, бирок аял азырынча табыла элек. fakt.kg

Кененирээк »

Жалал-Абад шаардагы шайлоо участкалары шайлоо өткөрүүгө даяр

Бүгүнкү күндө шаардагы 25 шайлоо участкаларында 28-май күнү өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого бардык зарыл даярдыктар көрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнү талаптагыдай уюштуруу максатында шайлоо бюллетендери толугу менен мыйзамда белгиленген 1 пайыз кошумчасы менен участкаларга таркатылуу үчүн даяр. Башкача айтканда, 36115 бюллетень, анын ичинде 700даанасы орус тилинде даярдалган ...

Кененирээк »

Укук коргоочулар шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүгө кабатыр

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы коомчулукка кайрылуу таратып, Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүү киргизилип жаткан “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда байкоочулардын укугу бузулуп жатканын маалымдады. Кайрылууда айтылгандай, жаңы мыйзам долбоорунда байкоочулардын эркин басып жүрүү жана каалаган добуш берүү участогуна баруу, шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышуу укугу алынып салынган. Байкоочулардын добуш берүү мыйзамдарынын бузулуусу боюнча шайлоо комиссиясынын чечимине ...

Кененирээк »

Россияда кыз зордуктаган кыргыз жараны кармалды

Россияда кыргыз жараны 19 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен кармалган. Бул тууралуу орус ММКлары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган окуя 21-май күнү Москва шаарынын четинде орун алган.  Кармалган кыргыз жаран азыркы учурда эч жерде иштебейт. Ал 29 жаштагы кыргыз жараны.  Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп,  тергөө амалдары жүрүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

Чүй облусунда айылдарды суу каптады

Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Алмалуу айылында 23-майда катуу жааган жаандан  кийин, 6 үйдүн короо жайын сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жаан Алмалуу айылынан сырткары Кызыл-Суу айылындагы 2 сарайды да  суу каптаган. Азыркы учурда канча турак жай жабыркаганы боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

Иш бөлмөсүндө аялды муунткан милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин бири аялды муунткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызда милиция кызматкери өзүнүн кызматтык кабинетинде аны муунтуп кыйнаганын билдирген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен  дайындалган жабырлануучунун жеңил жаракат алганы аныкталган. УКМК бул кылмыш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Бирок 22-майда чечим Башкы прокуратура ...

Кененирээк »

Коңшусу тарабынан 6 жаштагы бала зордукталды(Видео)

Жалал-Абад облусунун 6 жаштагы тургуну коңшусу тарабынан зордукталган. Аталган окуя үстүбуздөгү жылдын 17-май күнү болгон. Зордукталган баланын апасынын айтымында,баланы эски сарайга алып кирип зордуктаган. Жабыр тарткан балага медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful