Templates by BIGtheme NET

Коом

Казакстанда Кыргыз жараны эки баласы менен 60 миң теңге кулчулукка сатылган

Казакстанда кулчулукка  жүргөн үй-бүлө боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү, милициянын капитаны Сапарбаева Жанна билдирди. Маалыматка ылайык, кулчулукта жүргөн кыргыз жарандары  2016-жылдын май айында айылдашы тарабынан кулчулукка сатылган.  Ноокат районунун 1972-жылы тургуну  И.Халима   айылдашына алданып, Казакстанга эки баласын алып, иштөө үчүн кеткен. Бирок Казакстанга баргандан кийин документтерин алып коюшкан. ...

Кененирээк »

Коомчулуктун кыжырын кайнаткан беш көрүнүш

Акыркы учурларда жаштардын тартипсиздиктери коомдо  чоң талкууну жаратууда. Алардын бир нечесин тизмектеп өттүк. Ал кандай тартипсиздик жана качан болгон деп кызыгып жаткан болсоңуз тизмекке көз салыңыз 1 “Өчпөс от” 2016-жылдын 2016-жылдын 30-ноябрь күнү Бишкектеги “өчпөс оттун” жанында жаштардын жумуртка кууруп жатканы тууралуу видео тараган. Ал видеодон жаштардын жумуртка кууруп жатканын көрүүгө болот. Видеонун аягында кимдир бирөө аларга кыйкырганда балдар ар тарапка чачырап ...

Кененирээк »

Ата-энесинин үйүнөн 100 миң сом уурдаган бала

Өз үйүнөн 100000 сом  урдаган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу  Жалал-Абад облусунун ИИБнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Терек-Сай айылынын  тургуну 100000 сом акча урдатканын айтып, арыз менен милицияга кайрылган. Аталган арыздын негизинде ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада 29-апрель күнү Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 18 жашка толгон эки мектеп окуучулар  кармалган. Акча урдоого арыз ээсинин баласынын да катыштыгы бар экендиги ...

Кененирээк »

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университети Эл аралык статуска ээ болду

Жалал-Абаддагы жалпы түштүк аймагына белгилүү жогорку кесиптик билим ордосу болгон Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) Эл аралык университет деп аталды.Бул жаңы статус окуу жайдын негиздөөчүсү болгон Кыргыз кооперативдер биримдигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү токтомдору, чечимдери, күбөлүктөрү менен тастыкталды. Бул тууралуу аталган окуу жайынын ректору, Экономика илимдеринин доктору жана профессор Абдилбает Мамасыдыков билдирди.  ...

Кененирээк »

Президентке биометриялык электрондук паспорттор жөнүндө маалымат берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-апрелде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана өз Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен өлкөдө биометриялык электрондук паспортторду киргизүү ишинин башталашы тууралу талкуулады. Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук биометриялык паспорту жаңы типтеги идентификациялык документ болуп саналат жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул Эл аралык жарандык авиациянын талаптарына төп келген жана жасалмалуулуктан сактай турган Борбор Азия регионунда биринчи ...

Кененирээк »

Окуучуну бычактаган өспүрүм кармалды

Бишкек шаарында  окуучуга бычак сайган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу  Бишкек ШИИБнын  маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 27-апрель күнү  Бишкектеги №91-лицейдин окуучулары менен башка мектептин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Анын  жыйынтыгында бир окуучу бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

Кыздарды зордуктоого аракет кылган жаран соттолду

Россияда кыргыз  жараны  соттун чечими боюнча  5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орус ММКлары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Якутск шаарында кыздарды зордуктоого аракет кылган деген күнөө тагылган.  Эске салсак,  49 жаштагы жаранга  135 беренесинин 2-бөлүгү боюнча   үч кылмыш иши козголгон. fakt.kg

Кененирээк »

Википедияга кыргыз тилинде 66 миң макала киргизилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2017-жылдын 27-апрелинде Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жыйындар жайында “Улутсофт” компаниясы менен ЖОЖдордун студенттери үчүн жолугушуу уюштурду. Жолугушууда “Улутсофт” компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов жаңы маалыматтык технологиялардагы кыргыз тилинин орду жөнүндө маалымат берип жатып, учурда Microsoft Windows (7-версиясынан баштап), Microsoft Office (2010-жылдагы версиясынан баштап), Google, Youtube, Android сыяктуу маалыматтык технологиялар тармактары кыргызча кызмат кылууга ...

Кененирээк »

Журналистти 10 балага салып берип “оозуңа зордуктайм” деген кайсы депутат

Журналист Упел Анаркулованы Жогорку Кеңештин депутаты телефон аркылуу коркутуп, он балага салып берип, акырында журналисттин оозунан зордуктайм деп коркутканын Упел Анаркулова “Фейсбукка” жазып чыкты.   Бирок кайсы депутат экенин айткан жок. Өзгөртпөй беребиз: “Корунуктуу эле депутат (фамиля атын жазбай турайын) мага чалып, коркутуп оозго албас уят создор м.н согуп, ар бир жазган созуно менин фамилям учун миллион сом коём дейт…Жакамды кармадым!!! Анын ...

Кененирээк »

Премьер-министрдин агасы каза болду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун  агасы  Токтомаматов  Кантөрө  Шарипович  жүрөк оорудан улам каза болду. Бул тууралуу өкмөт башчынын жакындары билдирди. Быйыл, экономика илимдеринин доктору, профессор Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин президенти   Токтоматов Кантөрө Шарипович 70 ге чыкмак. Биздин жаамат  жакындарына  терең кайгыруу менен көңүл айтат. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful