Templates by BIGtheme NET

Коом

Бишкекте сот имаратында бомба коюлган деп элдер эвакуацияланды

сотка

Бишкек шаарынын  Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлганы кабарланды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы  жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген. Аталган маалыматта, кечки саат төрттөр чамасында 102 номуруна белгисиз адам телефон чалып, Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымдаган. Азыр  аталган имаратта иштеген адамадар   эвакуацияланып,  саперлор издөө бомбаны издешүүдө. Азырынча  бомба табыла элек. fakt.kg

Кененирээк »

Авиакырсык болгон жерде, жабыр тарткандарга волонтерлер ысык тамак уюштурушууда

дача1

Авиакырсык болгон жерде саат 16:30 баштап, волонтерлер ысык тамак бере башташты бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Бул тамакты даярдап берүүгө борбордогу бир нече кафе ресторандар катышууда. Алар, “Кайнар”, “Барклайс”, “Фрунзе”, “Тюбетейка”, “Прего”, “Нават” жана башка жерлерден ысык тамак чайлар жеткирилүүдө”- дейт аталган маалыматта. Маалыматка ылайык кырсык болгон жердеги баардык адамдарды ысык тамак, чай менен камсыздандырылышы күтүлүүдө.   fakt.kg

Кененирээк »

Дача-Суудагы авиакырсыктан жабыркагандар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылат

манас11

Бүгүн эртең менен, “Манас” аэропортунун жанында болгон Дача-Суу айылындагы авиакырсыктан  жабыр тарткандар Бишкек шаарындагы “Семетей” мейманканасына жайгаштырылат. Бул тууралуу өкмөтүн маалымат кызматы билдирди. Кырсык болгон жерде биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев кеңешме өткөрүп, тийиштүү органдарга ушул жаатта тапшырмаларды берди. Маалымат катары, бүгункү кырсыктан 40 чукул адам набыт кетти. Алардын төртөөсү экипаждын мүчөсү болсо, калгандары авиакырсык болгон Дача-Суу айылынын тургундары болгон. Андан ...

Кененирээк »

“Кыргыздын чиновниктеринде качан улуттук сезим ойгонот?”

мигранттар

Акыркы убакта Россиядагы мигранттардын жашоосу ЕАЭБге киргенибиз карабай жакшы жака өзгөрбөй жаман жака өзгөрүп жаткандай. Анткени акыркы убакта арыз муңун айткан мигранттар көбөйдү.  Мигранттардын кыйын абалын өз көзү менен көргөн facebook колдонуучусу Тариэль Сапаров курч пикирин жазып чыкты. Аталган тексти өзгөртпөстөн беребиз. “Кече жумуштан чыгып баратсам, биз иштеген ТЦдин артында полициялар дворниктерди, отуп бараткан мигранттарды тизип алыптыр. Карасам копчулугу кыргыздар. ...

Кененирээк »

Жалал-Абад шаарынын мэриясы жалпы шаар тургундарынын атынан курман болгондордун жакындарына көңул айтат

Соболезнование

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы жалпы шаар тургундарынын атынан Чүй областынын аймагындагы авиакырсыктан улам курман болгон маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз авиакырсыктын болушу жана анын кесепеттери тууралуу кабарды кабыргабыз кайышып уктук жана кайгырдык. Бөөдө кырсыктан улам бейкүнөө атуулдарыбыздан, кичинекей балдарыбыздан айрылдык. Бул оор жоготуу. Маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабырдуулукту жана жалпы кыргызстандыктарга мындан аркы тынч, бейпил жашоону ...

Кененирээк »

13 жаштагы кыз чоң энесин сагынып Россиядан Кыргызстанга өз алдынча кетүүгө аракет кылган

кыз

13 жаштагы Кыргызстандык кыз Россиянын Новосибирск шаарынан Кыргызстанга жалгыз кетүүнү чечкен. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты. Маалыматка таянсак, 13 жаштагы “качкын” кыз №57 поездден полиция кызматкерлери тарабынан алынган. Кыз полиция кызматкерлерине аты жөнүн айтып, ата-энеси тууралуу айткандан баш тарткан. Кийинчерээк, 13 жаштагы кыз үйүнөн бир нече жолу качып кеткендигин айтып берген. Кыздын апасынын айтымында, ал кызы каякка качып кеткендигин ...

Кененирээк »

“Манас” аэропортундагы кырсык. Абадан тартылган видео

нтс

Бүгүнкү “Манас” аэропортундагы авиакырсыктын кесепетинен 35 адам набыт болду. Мына ушул кырсык болгон жерди НТС телеканалы дрон менен абадан тарткан. Башка абадан тартылган видеолорго караганда сапаттуу тартылган.           fakt.kg

Кененирээк »

«Боинг-747» «Түрк аба жолдоруна» таандык эмес

учак

«Манас» аэропортуна жакын жерде кулаган жүк ташуучу    «Боинг-747» «Түрк аба жолдоруна» таандык эмес. Бул тууралуу  Кыргызстандагы Түркия элчилиги маалымат таратты. Түрк басылмалары учактын MyCargo авиакомпаниясына таандык экендигин жазып чыгышты. fakt.kg

Кененирээк »

Ошто жергиликтүү бийликке нааразы болгон эл митингге чыгышты

30 адыр

Ош облусуна караштуу Отуз адыр айылынын тургундары митингге чыгышты. Алар мындан беш жыл мурун жабылып калган оорукананы калыбына келтирип берүү талабын коюшуп, азыр оорукана жабылып ордуна поликлиника иштеп жатканына нааразылык билдиришүүдө. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү азырынча митингге чыккан элдин талабы тууралуу азырынча эч кандай жооп узата элек.  Маалымат катары Отуз Адыр айылында 30 миңден ашуун эл жашайт. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful