Templates by BIGtheme NET

Коом

 Россиядагы “киргиздер” кыргыз мигранттарына кантип жардам көрсөтөт?

Элибиз буга чейин кандай доорду сүрүп, кандай шартта жашап келгени билебиз. Бирок кандай кырдаалда жашашпасын ата-бабабыз эне тилибизди жоготпой, барктап, сактап келишкен.  Кыргыз эли эми өз алдынча жашоого, өз алдынча мамлекет курганга жетишти, өз тилибизде сүйлөп, ырдап жашоонун шаңын көрөт экенбиз,  көчөбүзгө майрам келди деп сүйүнүп  жатсак, мамлекеттик бийлигибизден тарта, тилибизге чейин кокуй болду! . Коомчулугубуз артка кетип жарымынан көбү ...

Кененирээк »

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча эки адамга кылмыш иши козголду

Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады.  Бул тууралуу ИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштин материалдары 12-ноябрда Ысык-Көл облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Андан ары прокуратура органдары тарабынан сотко жиберилет. Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатынын жооптуу адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Анын негизинде пансионаттын эки өкүлүнө айыбы угузулду. Коррупциялык иштердин жүзүн ...

Кененирээк »

Конор Макгрегорду туураган монтер жазаланат

Таласта мушкер Конор Макгрегорду туураганы пародия катары Интернетте тараган монтерго тартиптик чара көрүлдү. ​Бул тууралуу түндүк электр ачык акционердик коомунун  маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, мушкерди туураган кызматкер тартиптик жазадан тышкары электр жабдууларын иштетүүдөгү техникалык коопсуздук эрежелери боюнча мөөнөтсүз аттестациядан өткөрүлө турган болду. Ушундай эле чара анын жетекчисине да колдонулат. Мекеме монтер кур тагынбай коопсуздук эрежесин бузганын айтууда. Эскерте кетсек, ...

Кененирээк »

Ошто кайын энеси менен урушуп үйдөн кетип калган келиндин сөөгү табылды

Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 3-ноябрында Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында анын 1997-жылы туулган кызы дайынсыз жоголгондугун билдирген. Ыкчам-иликтөө жыйынтыгында жоголгон келиндин жансыз денеси суудан табылган. Туугандары сөөктү алып кетишти. Алдын ала маалымат боюнча, маркум кайын энеси менен урушуп ...

Кененирээк »

Жатаканада студент каза болду

Борбор Азиянын Нарындагы университетинин жатаканасында студент каза болду. Бул тууралуу Нарын облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы fakt.kgге билдирди. Маалыматка ылайык, маркумдун денесинен эч кандай күч колдонуунун белгилери табылган эмес. Соттук медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгы чыга элек. Маркум  Термирхан Тургумбаев аттуу студент болгон.   fakt.kg

Кененирээк »

Өчпөс оттун жанынан спирт ичимдиктерин ичкен жаштар изделүүдө

Бишкек шаарындагы Өчпөс оттун жанынан спирт ичимдиктерин ичкен жарандарды  милиция кызматкерлери издешүүдө. Бул тууралуу Бишкек  ШИИБи билдирди. Эскерте кетсек, бир канча күн мурун Жеңиш аянтында жаштар өчпөс оттун жанында жылынып жана ичимдик ичишкен. Алар айтылган эскертүүлөрдү укпай, маданиятсыз сөздөр менен сөгүшкөн. Ичимдик ичкен балдарды жана кыздарды Свердлов РИИБнин кызматкерлери издешүүдө. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана ээн баштык үчүн айып пул ...

Кененирээк »

Кыргызстанда мышыкты аткан мыкаачы изделүүдө (Видео)

Кыргызстанда мышыкты тапанча  менен атып салган киши изделүүдө. Бул тууралуу Fakt.kgге Бишкек ШИИБ билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад, Ош РИИБ жана Бишкек ШИИБнин кызматкерлери мышыкты пневматикалык тапанча менен атып жатканын видеого тартып алган жаранды издеп башташты. Видеодо Жалал-Абад облусуна тиешелүү 04 580 мамлекеттик номер тагылган “Лада Приора” үлгүсүндөгү унааны байкоого болот. Киши алдын ала мышыкты байлап дайындап коюп, жанына барып мышыкты пневматикалык ...

Кененирээк »

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 13-ноябрда таңкы саат 06:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Тийиштүү техникалар тартылып, жеринде кар көчкүнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

Чоң-Алайда тузак камерага түшүп калган жаныбарлар (Фото)

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Тараша, Миң-Теке, Текелик жана Шибе коруктарында тузак камерага аюу, ак илбирс жана тоо эчки түшүп калган. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тузак камералар аталган агенттиктин кызматкерлери менен “Фонд Илбирс” биргеликте орнотулган. fakt.kg

Кененирээк »

“Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду

Тогуз-Торо районундагы “Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду. Аны орнотууга Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоору колдоо көрсөткөн. Уюм тарабынан жергиликтүү мергенчилерге тузак камераны жапайы жаныбарларга илимий изилдөө, мониторинг жүргүзүүдө колдонуу боюнча тренинг өтүлдү. Аталган техника жапайы жаныбарлар жана алардын Кызыл китепке кирген түрлөрү боюнча так маалымат берет. Бул илимий иликтөөнүн деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы жаныбарлар тууралуу маалыматка ээ болууну ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful