Templates by BIGtheme NET

Саясат

“Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиевдин Кипрдеги жолугушуусу карандай калп”

Түркиянын “Haberler” порталы  Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушту” деген маалымат чыгып, Кыргызстандын ММК талкууга алынганын уктук, – деген пикирин билдирди бүгүн, 15-февралда NazarNews маалымат агенттигине Бакиевдердин жакын кишисиАскат Тейит. “Чындыгында Өмүрбек Текебаев менен Курманбек Бакиевдин Кипрдеги жолугушту” деген “Haberler” порталы жазган маалыматы карандай калп. Андай болгон эмес. Менимче бул көрүнүш келе жаткан президенттик шайлоого ...

Кененирээк »

Иса Өмүркулов «СДПК» партиясынан президентикке аттанабы?

Америкада дагы президент каалаган талапкерлигине жан тартат. «СДПК» партиясы президенттике талапкер көрсөтөт дейт депутат Төрөбай Зулпукаров. Бирок, талапкердин атын так атаган жок. Бизе жеткен маалыматтарга караганда, азыр партиянын ичи тынч эмес. Талапкер тандоодо ыйкы тыйкылык бар. Айрымдары Иса Өмүркуловдун атын аташса, кээ бири Асылбек Жээнбековдун жана Сапар Исаковдун атын аташууда. Ошентсе да бул кандидаттарды колдобогон тарапташтары да бар. fakt.kg  

Кененирээк »

“Мамлекеттин менчигиндеги компаниялар бюджеттин паразиттери”

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ар кандай маселелер бөлүгүндө, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын  депутаты  Тынчтык Шайназаров мамлекеттин менчигиндеги компаниялар жалаң зыян менен жыл жыйынтыктап жатканына нааразы болду.  “Кыргызстандын бюджети бир бүтүн организм сыяктуу. Баардык организмдер сыяктуу эле өзүнүн паразиттери бар. Биздин мамлекеттин паразиттери бул мамлекетте үлүшү бар компаниялар. Мен мурда ушул маселени көтөргөм. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Мен ишенбейм пансионаттар зыян ...

Кененирээк »

“Расмий адамдар телеканалдарга чыгып кар кырк беш сантиметр эле жаады деп, күйгүзүп жатат.”

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ар кандай маселелер бөлүгүндө, КСДП фракциясынын  депутаты  Жанар Акаев сөз сүйлөп, Чаткалда, Кара Кулжада, Алайда  оор түшкөн кардан улам эл кыйналып техника жетишсиз болуп жатса, телеканалдар калп маалымат тартып жаткандыгын айтты. “Баарынан кызыгы элдин каарын келтирген нерсе, эл кар оор түшүп кыйналып жатса телеканалдар, жада калса айрым расмий адамдар телеканалдарга чыгып кар кырк беш сантиметр эле ...

Кененирээк »

“Текебаев Кипрде Бакиев менен жолугуп келди, УКМК текшерип маалымат берсин”

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ар кандай маселелер бөлүгүндө, КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев оппозициянын маселесин көтөрдү. “Текебаевдин Кипрге болгон табышмактуу сапары тууралуу маселе көтөрөйүн деп турам. Ал жерде Текебаев Бакиев менен жолуккандыгы тууралуу чет элдик ЖМКларда жазылып жатат. Ошону текшерүүнү сурайт элем.  Текебаевдин ушул сапарын иликтеген УКМКнын маалыматы болсо келип бизге айтып берсин.”-деди депутат. fakt.kg

Кененирээк »

“Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жылда 250 млн сом каралат, ал каяка коротулуп жатат”

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ар кандай маселелер бөлүгүндө, “Республика- Ата Журт” фракциясынын лидери  Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы телеканалдардын кыргызча берүүлөрү аз экенин айтып нааразы болду. Мен атайын эртең менен эрте туруп, телеканалдарды бир сыйра көрүп отурдум, таң калыштуусу бир да кыргыз тилдүү берүүлөр берилбейт экен биздин телеканалдарда. Биз ошол телеканалдарда жок дегенде элүү пайыз кыргыз тилинде болсун деп мыйзам кабыл ...

Кененирээк »

Бабановдун бир күндө тапканын кээ бир депутаттар 10 жылда табышат

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин, чыгашаларын декларациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйындын жүрүшүндө “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов Бабановдун бир күндө тапканын мен 10 жылда табам деп билдирди. Депутат Мамлекеттик салык кызматынын өкүлүнө кайрылып, бирдиктүү салык декларациялоонун жыйынтыгы кандай болуп жатканына кызыкты. . “2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 400 миң декларация берилген. Ал ичинде юридикалык жана жеке жактар, ...

Кененирээк »

Жогорку Кеңештин кызматкерлери “депутаттар эптеп тезирээк сүйлөп бүтүшсүн” деген мамиле жасагандай”

  Бүгүн Жогору Кеңештин кезектеги жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине нааразы экендигин билдирди. Депутаттын айтымында, Депутатка сөз сүйлөөгө 2 мүнөт бөлүнөт.  “Депутат сүйлөбөй жооп угуп турганда, убакыт токтотулбай жатат. Депутаттар аппараттын кызматкерлерине “секундомерди токтотуп тургула” деп дайыма айтып турушат. Бирок кызматкерлер “депутаттар эптеп тезирээк сүйлөп бүтүшсүн” деген мамиле жасагандай”,- деп билдирди депутат. Мындан сырткары, депутат ...

Кененирээк »

«Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзам Жогорку Кеӊешке кайтарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын каршы пикирлери менен макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеӊешке кайтарды. Президент каршы пикиринде кабыл алынган Мыйзамдагы анча так эмес терминдерди пайдалануу жана баяндоолордун түшүнүксүздүгү анын жүзөгө ашырууда проблемаларды жаратып, келечекте мамлекеттик органдардын ишмердигинде чечилгис карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.   Атап айтканда, бул баяндоолор кабыл алынган Мыйзамдын ...

Кененирээк »

Темир Сариев «Ак жол» партиясынан президенттик шайлоого барат

  “Бакиевдин “Акжол” партиясы жоюлган эмес беле? Биринчи радионун журналисттери бүгүнкү жаңылыктарында Темир Сариевди “Акжол” партиясынан президенттик шайлоого барат деп балп эттирди го” деп жазат Бакыт Дыйканов аттуу радио угарман бүгүн фейсбуктагы баракчасына. Албетте, «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт». Бул сөз капыстан чыгып кеткендиги айтпаса да белгилүү. Себеби, Темир Сариев «Акшумкар» партиясынын лидери жана ушул партия аркылуу шайлоого аттанган. Маалымат ...

Кененирээк »
Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful