Templates by BIGtheme NET

Саясат

Конституциянын түп нускасы Шыкмаматовдо имиш, сиз ишенесизби?

Жогорку Кеңештин 19-октябрь күнкү жыйынында Баш мыйзамдын түп нускасынын жоголуп кеткендиги анык болуп, аны издөө иштери катуу жүрө баштаган.  Юстиция министрлиги да, Президенттин аппараты да, БШКда, Текебаев да түп нусканын кайда экендигин билбей тургандыгын билдирген. Конституциянын түп нускасы боюнча бир топ жылдан бери пикирин билдирип жүргөн укук коргоочу Токтоайым Үмөталиева “Жаңы ордо” гезитине ушул маселенин тегерегинде маек куруптур. Анын айтымында ...

Кененирээк »

Депутатар эс алуудан келгенде жаңы креслолорду көрүп чочуп кетишкен

“Эс алуудан келгенде депутаттар жаңы креслолорду көрүп чочуп кетишти” – деп билдирди бүгүнкү расмий эмес жыйында КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев. Анын пикиринде учурда коомдук көзөмөл күчтүү болуп, интернетте баары бат эле тарап турат. Мамлекеттик кызматкерлер да коомчулуктун талкуусуна түшүп калуудан коркуп турушат. “Мамлекеттик кызматта иштегендер жаңы жылдык кечелерди өткөрүүдөн баш тартып турушат. Менин кесиптештерим да кымбат ресторандарда  кечелерди өткөрүүдөн кооптонуп ...

Кененирээк »

Социалдык өнүктүрүү министрлигине Асия Сасыкбаеванын талапкерлигин көрсөтүштү

“Ата Мекен” парламенттик фракциясы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Асия Сасыкбаеванын талапкерлигин көрсөтүштү. Ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, вице-спикер болуп иштеген. Мурунку министр да “Ата Мекен” фракциясынын квотасы менен келген болчу. Кудайберген Базарбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Президент 11-октябрь күнү анын арызына кол койгон болчу, ал өзүнүн кызматтан кетүүсүнө кимдир бирөөлөр түрткү болбогонун айткан. fakt.kg

Кененирээк »

“Жолдошеваны тийиштүү дарыгерлерге көрсөтүү керек”

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева космонавт Салижан Шариповду “Сепаратисттердин коомунан” чыгууга чакырды. Буга чейин, Жолдошева маалымат жыйын өткөрүп, “космонавт  Салижан Шарипов Кадыржан Батыров менен иштешип жатат” – деп айтып чыккан. Ал эми Шарипов “Fergana.ru” басылмасына маек берип, Жолдошеванын айткандарын тап-такыр жалган деп билдириптир. “Fergana.ru” басылмасынын кабарчысы “Сиз Азимжан Аскаров менен скайп аркылуу байланышып турганычынбы?” – деп суроо узатыптыр. Бул ...

Кененирээк »

“Интригаларга көңүл бурбай, мамлекетти өнүктүрүүнүн үстүндө иштейбиз”

Бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад шаарында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясы көчмө жыйын өткөрдү. Жыйын жүрүшүндө фракция лидери Бакыт Төрөбаев жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо боло турганын жана эч кандай интригаларга аралашпастан, жаманатты кылып, бирөөлөрдү жамандабастан, тигини шайла, муну шайлаба дебестен, иштей тургандыктарын билдирди. “Эл өзү билет – кимди шайлайт, кимди шайлабайт. Ар кандай интрига кылып, ар кандай сөздөрдү айта албайбыз. Биз баарыбыз бир элбиз, ...

Кененирээк »

Конституциянын түп нускасынын жоголуп кетүүсүнө ким жооп берет?

Жогорку Кеңештин 19-октябрындагы жыйынында Конституциянын түп нускасы табылбай жаткандыгы маалым болду. Бул маселе депутаттарды кыйла талаш тартышка салды, айрым депутаттар жаңы Конституция жазыш керек дешсе, дагы бирлери комиссия түзүп, аны аныкташ керектигин айтышты. Биз айрым журналисттерге байланышып, “Түп нусканын жоголуп кетүүсүнө ким жоопкерчилик алышы керек, деги эле түп нускасы табылбай жатса, аны өзгөртүү канчалык мыйзамдуу?” – деген суроо салдык. Семетей ...

Кененирээк »

Атамбаев Келдибековду келиштирип кеп кылды (ВИДЕО)

Кечээ, 20-октябрь күнү Бишкектин “Арча-Бешик” жаңы конушунда “Газпром” ишканасы курган спорт комплексттин ачылышында президент Атамбаевдин Ахматбек Келдибековго карата айткан пикири. fakt.kg

Кененирээк »

Конституциянын түп нускасы табылбай жатса, Ф.Ниязов пиар менен алек

Кечээ, 19-октябрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын түп нускасы жоголуп кеткендиги ачыкка чыкты. Юстиция министрлиги, Президенттин аппараты, Текебаев да түп нусканын кайда экендигин билбей тургандыгын билдиришти. Ак үйдүн ичинде ушундай “концерт” болуп жаткан бир кезде ММК беттерине Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1 миң сом айып пулун төлөгөндүгү ...

Кененирээк »

Атамбаев тарыхты эстедиби, же журналисттерге эскертүү бердиби?

Бүгүн, Бишкектеги “Арча-Бешик” жаңы конушунда “Газпром” ишканасынын акчасына курулган спорт комплекстин ачылышы болуп өттү. Ага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да катышты. Комплекстин ачылышында Атамбаев мурунку акжолчулар “Бир бол” партиясына топтолуп алып, өзүн сындап жатканын айтты. “Айрым журналисттер Бакиевдин тушунда жакшы эле деп жатышат. Павлюкту 6-кабаттан тирүүлөй ыргытып жибергени, Сыргак Абдылдаевге 10 жолу бычак сайып колун сындырганын унуттуңарбы, мен аны унута ...

Кененирээк »

“Паспорттун баасы кымбаттап кетти, паспорттун баасын мурунку калыбына келтирүү керек”

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны жүрүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө “Ар кандай маселелер” бөлүгү каралып жатат. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова чыгып сөз сүйлөп, Кыргызстандагы паспорт алуудагы баанын көтөрүлүп кеткендиги тууралуу сөз кылды. Ал акчасы бар адамдарга бул акча билинбей тургандыгын, карапайым эл үчүн бул кымбат экенин айтты. “Мен Монополияга каршы күрөшүү агенттигине кайрылсам, алар жалпы чыгашага ижарага алган ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful