Templates by BIGtheme NET

Саясат

Бабановдун НТСи Атамбаев жөнүндө атайын чыгарылыш жасады (Видео)

Акыркы кездери Текебаев менен Атамбаевдин мамилеси кыл келишпей, экөө бири-бирин жамандап жаткан чагы.  Ал ортодо Бабанов Атамбаевге жагынуунун айласын издеп, кечээ Атамбаев жөнүндө атайын чыгарылыш жасады. fakt.kg

Кененирээк »

Албек Ибраимовдун декларациясы сайттан алынды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан Бишкек Шаарынын мэри Албек Ибраимовдун 2015-жылга карата кирешеси жазылган декларацияны алып салышты. Мыйзам боюнча ар бир мамлекеттик кызматта иштеген жаран милдеттүү түрдө декларация толтурушу кажет. Андай болбогон чакта айып пулу салынат. Буга чейин Өмүрбек Текебаев Албек Ибраимов Кой-Таштагы 27га жерди Атамбаевге белекке берип, шаар мэри болуп дайындалганын айткан болчу. Буга Фарид Ниязов, Иса ...

Кененирээк »

Бүгүн коалиция тарайт

Бүгүн, 15-сентябрда КСДП фракциясы жыйынга чогулуп, жабык эшик артында коалициядан чыгуу маселесин карайт. Бул тууралуу “24.kg” агенттиги ЖКдагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты. “Ата Мекен” фракциясы буга чейин көпчүлүк коалициядан чыкпай тургандыгын билдирген. Ага чейин КСДП фракциясы аларды коалициядан чыккыла деп үндөп жаткан. Кечээ Текебаев Атамбаев куруп жаткан үйдүн жерин Албек Ибраимовдон белекке алганын айткан. КСДПнын депутаттары мындай билдирүүгө кыжырданып ...

Кененирээк »

Текебаевдин кечээги сөзүн Башкы прокуратура иликтөөгө алат

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 15-сентябрда Өмүрбек Текебаевдин маалымат жыйында айткан сөздөрүн тыкыр иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка таянсак, жер сатып алуудагы ар бир жагдайлар тыкыр иликтенип, анын мыйзамдуулугу боюнча ким болбосун мыйзам чегинде жооп берүүсү керек. Жолдубаева текшерүүнүн жыйынтыгын президентке жана коомчулукка жарыя кылуусу керек. Эске салсак, кечээ, 15-сентябрда Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын куруп, ...

Кененирээк »

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда  Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды. Абдулазиз Камилов өзбек тарап позитивдүү маанайда жана өз ара сыйлашуунун жана кошуналык салттардын негизинде кыргыз-өзбек мамилелеринин бүтүндөй комплекси боюнча активдүү ишти баштоого даяр экендигин билдирди. Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экендигин жана эки өлкө ортосундагы маселелерди конструктивдүү ...

Кененирээк »

“Атамбаев Ибраимовдон жерди сатып алган”

Бугүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун үй-бүлөсүнөн жерди сатып алганын тастыктады. “Президенттин дарегине Текебаев тарабынан айтылган сөздөр жалаа жана ойдон чыгарылган” – деди ал. “Текебаев “Дастан” ишканасынын жерин мыйзамсыз алып алган деп жатат. Бирок ал жерде Атамбаевдин 2  жер тилкеси да бар экендигин элдин баары билет. Атамбаев Ибраимовдордон жерди мыйзамдуу түрдө сатып ...

Кененирээк »

Комитет жетекчилигине КСДПдан чыккан талапкер дайындалды

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында комитет жетекчисин шайлоо болуп өттү. Анда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп жаткан болчу, бирок эсептөө комиссиясынын жетекчиси Мирлан Жээнчороев анын микрофонун өчүртүп койду. Ошентип, шайлоо аяктап, КСДП фракциясынын депутаты Асель Кодуранова  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер комитетине жетекчи болуп дайындалды. КСДПнын талапкерине 76, “Өнүгүү-Прогресстен” чыккан талапкерге 46 добуш берилди. Баарына каршы деп ...

Кененирээк »

Комитет жетекчисин шайлоодо Төрөбаевди сүйлөтпөй коюшту

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында комитет жетекчисин шайлоо болуп жатат. Анда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөп жаткан болчу, бирок эсептөө комиссиясынын жетекчиси Мирлан Жээнчороев анын микрофонун өчүртүп койду. Ага карабай Бакыт Төрөбаев депутаттарды таза шайлоого үндөп жатты. “Биз көрүп жатабыз, айрым депутаттар белги көрсөтүлгөн кишиге добуш беришүүдө. Мунун баары баары бир коомчулукка жетет, андай кылгандын кереги жок” – ...

Кененирээк »

“Жогорку Кеңештин VI чакырылышын каралоо компаниясын башташты”

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Рыскелди Момбеков сөз сүйлөдү. Ал Атамбаевдин 60 жылдык мааракесинин алдында ызы-чуудан алысыраак болуп туруу керектигин айтты. Жакында шайлоо башталганы турганын ага карата 6-чакырылыштын депутаттарын каралоо иштери жүрүп жаткандыгын айтты. “Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук реформа жана ЖКнын регламенти комитетинин төрагалык кызматына шайлоо болгону турат, эгер шайлоодо СДПК көрсөткөн талапкер шайланбай калса анда ...

Кененирээк »

Текебаев: “Бакиев менен жүрүп аман калдың, Атамбаев менен жүрүп аман калбайсың”

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйын курду. Ал учурдагы бийликтин ишмердигин, Атамбаев куруп жаткан үй мурда Бакиевдерге таандык болгонун айтты. Текебаев андан сырткары КТРК коомдук болбой эле бийликтин камчысын чаап жатканын айтты. “Илим, объективдүү бол. Бардык тарапты бирдей чагылдыр. Бакиев менен жүрүп аман калдың, эгер дагы туура эмес иштей берсең, Атамбаев менен жүрүп аман ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful