Templates by BIGtheme NET

Саясат

“Түндүк” бажы бекетинин башчысынын орун басары кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын “Түндүк” бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушева кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Элнура Мамбетжунушева менен кошо бажы кызматынын статистика бөлүмүнүн башчысы кармалган. fakt.kg

Кененирээк »

Эжекесине ишенип эрсиз калгандар же күн чыккан жердин күкүктөрү

Акыркы убакта көпчүлүк элдин эрмеги ажобуз С.Жээнбеков менен экс ажобуз А.Атамбаевдин тиреши экендигин жашырып деле болбой калды окшойт. Билгени деле, билбегени деле бул тиреш боюнча өз жоромолдорун айтышып,  көздөрү ачык эксперт болуп, төлгө таштарын төп келтире албай турган чактары. Өткөндөгү өзүнүн менчик “Апрель” телеканалы аркылуу берген интервьюсунда А.Атамбаевдин ызага буулугуп,  жанындай көргөн жан-жөөкөрлөрүнүн сатып кеткендигин, өзүнүн канчалык Кыргызстанда бай адам ...

Кененирээк »

Депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду

Бишкек ЖЭБдин иши боюнча жемкорлукка айыпталып жаткан депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди. Нурдин Сулаймановдун, Осмонбек Артыкбаевди УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук борборуна которушту. Депутаттын грыжасы болгондуктан, аны операцияга даярдап жатышат. fakt.kg  

Кененирээк »

“Манас” аэропортунун директору кызматтан кетти

“Манас” эл аралык аэропортунун директору Эмир Чукуев  кызматтан кетти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта, Эмир Чукуевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын 3-декабрда жазганын билдирди. Эмир Чукуев  өзү эмне себептен кеткени тууралуу маалымат бере элек. fakt.kg

Кененирээк »

Улан Исраиловдун кошумча кирешесинде “жашыруун” белги турат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу жыйынды маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жарыялай баштады. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы, мурдагы ички иштер министри Улан Исраилов 2017-жылы ...

Кененирээк »

Аскарбек Шадиевдин байлыгы жарыяланды

Мамлекеттик салык кызматы  мурдагы биринчи вице-премьер-министр жана экс- депутат Аскарбек Шадиевдин киреше декларациясын жарыялады. Аскарбек Шадиев 2017-жылы 976,59 сом киреше тапкан. Шадиевдин 715 сомдук эмереги, 120 миң сомдук үй-тиричилик техника жана 86 миң сомдук телевизору бар. 420 чарчы метр жана 359 чарчы метр эки үйү бар. Мындан сырткары, “Карвен группа” ишканасында 50% акциясы бар. ОсОО “Бината” дагы Шадиевге караштуу. Шадиевдин ...

Кененирээк »

Сузакта коррупционерлер жазага тартылбай атабы?

Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджеттин 750 миң сомдон ашуун каражатын билип туруп максатсыз пайдалангандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен жооптуу кызматкерлери жазага тартылбай атат. Укук коргоо органдары тийиштүү жетекчилерге карата кылмыш ишин козгоодон баш тартышууда. Бул тууралуу коомдук укук коргоочулар билдиришти. Укук коргоочу Максатбек Бердикуловдун айтымында, Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүндө мурда “Арис” программасы менен 2 суу мунаралары ...

Кененирээк »

УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 1-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Каракол шаарында курулган көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты. Жаӊы турак-жайга ээ болгон УКМК кызматкерлери менен алардын үй-бүлөлөрүн куттуктаган Төрага Дастанбек Жумабеков: “Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Анткени, мурда турак-жайга муктаж кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр Бишкек шаарында гана курулуп келсе, акыркы ...

Кененирээк »

Орозалиев Акылбек кызматка дайындалды

Орозалиев Акылбек Атабекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешлүү жарлыкка Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон. fakt.kg

Кененирээк »

Сарыбашев менен Жылкыбаевдин идеологиясы аш той менен эле чектелип калганбы…

Урматуу Президент! Өлкөдө идеология жок, акыл үчүн мамлекет өнүгүп өсө албай жатат дешип, көпчүлүк идеологияны көктөн же Сизден күтүп жүрүшөт. Жөнөкөй элибизге мейли деңиз, алар өз түшүнүктөрүндө жараша акыл калчайт. Идеологияны жарата турган кадрларыңыз өздөрү идеологияны түшүнүшпөйт. Аш той өткөрүүнү чоң саясий идеология катары карашып, эмне болсо дагы юблейдерди өткөрүүнү колго алышып, өздөрү  чардап жатышкан мезгилдер. Болбосо, Ноокен районунуна 90-жыл ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful