Templates by BIGtheme NET

Саясат

Исаков: Сүйүмбаевди президент жумуштан алган эмес

Сүйүмбаевди президент жумуштан алган эмес. Ал өз арызы менен жумуштан кетти. Менин билишимче президент менен Сүйүмбаевдин мамилеси жакшы. Көп жылдан бери бир партияда иштешип келди. Мындай пикирин премьер министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков, бүгүн апрель каналы аркылуу түз эфирде билдирди. Исаковдун айтымында, Сүйүмбаевден жаман нерсе көргөн эмес. Анын бул тармакта тажрыйбасы бар. Ишти тартып кете албаса жумуштан кетет. Ал Өмүркуловдун ...

Кененирээк »

«Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды

Көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, курамын кеңейтүү чечимин кабыл алды. Масалиев КСДПны оппозицияга калтырып, калган беш фракция биригип коалиция түзүүнү сунуш кылды. Көпчүлүк коалиция курамын  «Республика – Ата Журт» фракциясы менен толуктады. Маалыматка ылайык, көпчүлүк коалициясынын курамын кеңейтүү сунушун СДПК, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бир добуштан колдоду. «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды. fakt.kg

Кененирээк »

«Республика —Ата Журт»  фракциясы көпчүлүк коалициясына кирүүгө даяр

Жогорку Кеңештин «Республика —Ата Журт»  фракциясы көпчүлүк коалициясына кирүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу журналисттерге фракция лидери лидер Жыргалбек Турускулов билдирди. Маалыматка ылайык,эртең фракция жыйынга чогулуп, маселе ошол жерде талкууланат. «Алдын-ала сүйлөшүү жүргүздүк. Көпчүлүк коалициясына киребиз деген оюм бар. Биздин максат көпчүлүк коалициясын күчтөндүрүү. Жаңы өкмөттү чогу бекитип, мамлекеттин келечеги үчүн иш алып баруу», — деди Жыргалбек Турускулов. fakt.kg

Кененирээк »

Сапар Исаков Жогорку Кеңештин төрагасына кат жолдоду

Кызматтан кеткен өкмөт башчы  Сапар Исаков Жогорку Кеңештин төрагасы Дстан Жумабековго  кат жолдоп, депутаттар алдында сөз сүйлөөнү өтүндү. Парламент депутаттары өкмөттүн отставкасы тууралуу саат 14.00дө талкуу кылышат. Ал жыйынга Исаковдун келиши күтүлүүдө. Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчыны отставкага кетирүү боюнча буйрукка кол койду. Жарлыкка ылайык, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана башка өкмөт мүчөлөү ээлеген кызматына ылайык, ...

Кененирээк »

Сапар Исаковдун өкмөтүн 5 депутат колдоп, 105 депутат каршы болду

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сапар Исаков баштаган  өкмөткө  ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына эки фракциянын лидерлери Алмамбет Шыкмаматов менен Жыргалбек Турусбеков экөөнүн атынан сунуш келип түшкөн. Бул сунушту колдоп 40 депутаттан ашыгы колдоп кол коюп беришкен. Сапар Исаков баштаган  өкмөткө  ишенбөөчүлүк көрсөттү боюнча добуш берүүдө 105 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берди. fakt.kg

Кененирээк »

“Абактагы Өмүрбек Текебаев 2 суткадан бери кысымга алынып жатат”

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери өкмөттүн өкүлүнө камакта жаткан Өмүрбек Текебаев боюнча кайрылды. “Мага жаңы эле маалымат келди Өмүрбек Текебаевдин эки суткадан бери кысымга алып жатышыптыр. Башка камерага которобуз, каяктагы адамдарды камераңа кошо  киргизебиз деп коркутуп жатышыптыр. ЖАМКнын жетекчилигине айтып коюңуз, алар от менен ойнобосун”,- деди Алмамбет Шыкмаматов. fakt.kg

Кененирээк »

Жогорку Кеңеште өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушталды

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сапар Исаков баштаган  өкмөткө  ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасына эки фракциянын лидерлери Алмамбет Шыкмаматов менен Жыргалбек Турусбеков экөөнүн атынан сунуш келип түшкөн. Бул сунушту колдоп 40 депутаттан ашыгы колдоп кол коюп беришкен. fakt.kg

Кененирээк »

Депутат: “Мен Өмүрбек Бабановду көргөн жокмун”

Белгилүү саясатчы,  “Республика-Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов тайкеси Ахмед Шакировду акыркы сапарга узатууга келген жок. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттигине депутат Калдарбек Баймуратов билдирген. Депутат “Өмүрбек Бабанов тайкесине топурак салганы Кыргызстанга учуп келет”,- деген маалыматты четке кагып, “Мен Өмүрбек Бабановду көргөн жокмун”, -деп билдирген. Ахмед Шакировго топурак салганы “Республика- Ата-Журт” фракциясынын бир катар депутаттары барышкан. fakt.kg

Кененирээк »

Элди ойлобогон Жогорку Кеңештин депутаты (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге жашоочулар нааразы болгон жарандардын видеосу YouTube каналына чыкты. Видеону Бекмамат Турдалиев аттуу жаран YouTube каналына жүктөгөн. Алардын айтымында, депутатка караштуу ишканадан түтүн каптап жатканын айтышууда. Ал жерде соода кылгандар арызданып барышса ишканага киргизбей коюшкан. fakt.kg

Кененирээк »

Айбек Калиев УКМКнын тергөө абагына камалды

Бүгүн, 18-апрелде Айбек Калиев  УКМКнын тергөө абагына камалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу кылмыш иши боюнча  шектүү катары,  мурдагы Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев камакка алынды. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful