Templates by BIGtheme NET

Саясат

Болот Отунбаев Арменияга элчи болуп дайындалды

Болот Отунбаев Кыргызстандын  Армениядагы бирдиктүү элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал учурда Кыргызстандын Орусиядагы, Финляндиядагы, Даниядагы, Норвегиядагы, Швециядагы элчилик кызматтарын аркалап келген. Мындан ары анын кызматына Армениядагы элчилик кызматы да кошулду. Отунбаев Москвада жайгашкан резиденцияда иш алып барат. Fakt.kg

Кененирээк »

Депутат мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков мамлекеттик желекке өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Анын пикиринде, желекке Манастын белгисин орнотуу туура болот. Бул тууралуу “Марал” радиосу жазды. Депутаттын айтымында, айрым иш-чараларда желекти туура эмес көтөрүп алышат. Ошондуктан анын баш-аягын аныктай турчу мамлекеттик символду билдирген өзгөртүү киргизүү керек. Эл өкүлү ошондой эле, бул маселени адистер талкуулап, эл чечиши керек экенин кошумчалаган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги ...

Кененирээк »

Коррупциядан түшө турган акчаларга атайын эсеп ачылды

Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө өкмөттүн токтомуна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Токтом экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын топтоо максатында иштелип чыккан. fakt.kg

Кененирээк »

Жыпар Жекшеев кайрадан шайланды

Жыпар Жекшеев Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына экинчи мөөнөткө шайланды. КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйынына кеңешти 15 мүчөсүнөн 14ү катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында кеңештин 12 мүчөсү макул, бирөө каршы жана бир бюллетен жараксыз болгон. fakt.kg

Кененирээк »

Парламентте ректор шайлоо маселеси каралды

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бириктирилген долбоору 3-окууда каралды. Аталган мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык, ректорду шайлоодо премьер-министр шайлоодо көбүрөөк добуш топтогон үч талапкердин бирин дайындайт. Муну менен ЖОЖдун жетекчисинин ...

Кененирээк »

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин көчү Кыргызстанды туңгуюкка алып барат”

Керегем сага айтам… Геосаясаттын төрт закону — Өмүрбек Чиркешович, жакында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Сиз 2000-жылы «Кытайга чыгуу менен Балыкчы-Жалал-Абад-Торугарт темир жолун куруунун артыкчылыгы» жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизген элеңиз. Ал темир жолдун мааниси, келечеги кандай жана эмне үчүн башталбай жатат? — Алгач, геосаясаттын төрт закону жөнүндө айтсам. Ресурстар ...

Кененирээк »

КСДП Алмазбек Атамбаевдин портрети боюнча билдирүү таратты

КСДП партисы Икрамжан Илмиянов сатып алып, акчасын толук бербей койгон Алмазбек Атамбаевдин портрети жөнүндө  билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, сүрөтчү башында портретти КСДПнын офисинде белек катары калтырган. Кийинчерээк үй-бүлөлүк шартына байланыштуу деп белекти сатып алууну өтүнгөн. Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов портретти 2500 долларга сатып алганда, кошумча төлөө жөнүндө сөз болгон эмес. КСДП буга күбөлөр да бар экенин айтууда. Ошондой ...

Кененирээк »

УКМК мейманканага айландыбы?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайы саясий негизде камалгандар үчүн мейманкана болбошу керектигин билдирди.  Депутаттын айтымында, КСДПнын бир катар депутаттары камактагы Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазовдон кабар алышкан. Карамушкина билдиргендей, камактагы жетекчилер эгер мыйзам бузууга барышканы аныкталса жооп берүүгө даяр экенин, бирок коррупция менен күрөшүү акыйкат ...

Кененирээк »

Балдарына алимент төлөбөгөндөргө унаа айдоого тыюу салынышы мүмкүн

Алименттен карызы барларды чет өлкөгө чыгарбоо жана автоунаа айдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сунушталды. Мындай маанидеги мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзамдын демилгечиси депутат Максат Сабировдун айтымында, 2017-жылы “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилип, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамы күчүн жоготкон. Ошондон улам, жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаӊы ченемдер толуктоо ...

Кененирээк »

Ош шаарынын мэри менен депутаттын айтышы

Ош шаардык Кеңешинин сессиясында мэр Айтмамат Кадырбаев менен депутат Гулсана Эсенбаева айтыша кетишти. Маселе мэр сессия бүтө электе эле чыгып кеткендигинен чыккан. Кийин депутаттар чакыртып суроолорго толук жооп берүүсү керектигин айтышканда, мэр оройлугу менен “Мен силерге ойноп отурамбы”, – деп жооп берген. Ага депутат Эсенбаева мэр ар бир аткарып жаткан иштерине жооп берүүсү керектигин талап кылган. “Анан эмне биз ойноп атыптырбызбы. ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful