Templates by BIGtheme NET

Author Archives: Эля

Ысык-Көлдө окуучулар эки мугалимди сабап салган

18-майда Ысык-Көл облусунун Түп районунда мектептин  бүтүрүүчүлөрү менен мугалимдердин ортосунда жаңжал чыккан. Бүтүрүүчүлөр мугалимдерди катуу сабап салган.  Ур токмокко алынган мугалимдер башка айылдардан тест алуу үчүн келген. Учурда окуядан жабыркаган эки адам Түп райондук ооруканасында  дарыланууда. fakt.kg

Кененирээк »

ЖКККБ кызматкерине кол көтөргөн айдоочу (ВИДЕО)

Документсиз унаа башкарып жүргөн айдоочу ЖКККБнын кызматкерин чаап салды. Ал “бийлик өкүлүнө кол көтөрүү” беренеси менен айыпталып убактылуу камакка алынган. Ошондой эле бул чыгарылыштан Mercedes-Benz G-Class үлүгүсүндөгү унааны айдай качкан жигиттин окуясын көрө аласыздар. New.TV Патруль fakt.kg

Кененирээк »

Аскар Бешимов: «ТВЕА менен келишим түзүлгөндө Сапардан 3 күн ичинде бүтүрүп бергиле деген каты келген»

— Аскар мырза, сиз Тышкы иштер министринин мурунку орун басары болуп иштеп турганда, ТВЕА менен келишим түзүүнү Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп баалаган экенсиз. Ушул маселени карап, бүтүрүп бергиле деген тапшырманы сиздерге ким берген? Бишкек ЖЭБди модернизациялоо башталган кезде Тышкы иштер министринин орун басары элем. Тышкы иштер министрлигинин милдети, тартиби, ирети боюнча ири, орто инвесторлор Кыргызстанга келгенде сөзсүз түрдө биз ...

Кененирээк »

Кубанычбек Кулматов да акыры тузакка илинди

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун үйүнө тинтүү жасалды. Бирок, кайсы жердеги үйүнө  тинтүү жасалганын жана кайсы орган жасаганын азырынча белгисиз. Кубанычбек Кулматовго айыбы угузулуп, кылмыш иши козголгону да айтылып жатат. Калыс-Ордо конушуна мектепке деп кытайлык ТВЕА компаниясы бөлүнгөн акча Кубанычбек Кулматовдун да түбүнө жеткени калды. fakt.kg

Кененирээк »

Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Казакстандык актриса Самал Еслимова “Айка” фильминде башкы ролду жаратканы үчүн Канн фестивалында “аялдын мыкты ролу” үчүн сыйлыгына татыды. Франциядагы Канн фестивалынын 71-айлампасынын жеңүүчүлөрү 19-майда кечкисин жарыяланды. Орусиялык режиссер Сергей Дворцевойдун “Айка” тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, төрөгөн баласын таштап кеткен келиндин турмушун баяндайт. Социалдык драмада мигранттардын жашоосу кенен чагылдырылган. Петропавлда туулуп өскөн Самал Еслимова Орусиядагы театр өнөрү институтунун ...

Кененирээк »

Эгиз төрөгөн келин каза болду

17-май күнү 33 жаштагы кош бойлуу келин оор абалда Балыкчы шаардык ооруканасына келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты  сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта, дарыгерлер келинди кесарево жолу менен төрөтүп жатышканда келиндин жүрөгү токтоп калган, жарыкка келген эгиз ымыркайды аман алып калышкан. Ал эми, бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдиришти. fakt.kg

Кененирээк »

Бишкекте бир күндө эки кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте бир күндө эки кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 15-майда милицияга зордуктоого аракет болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук ичики иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында анын 17 жаштагы кызын болжол менен саат 6.30да белгисиз жаран зордуктоого аракет ...

Кененирээк »

Сапар Исаков: “Камайт деген сөздөр Интернетте тарап жатат”

Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков  камактан коркпой турганын, камашы мүмкүн деген божомолду четке каккан жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтты. «Камайт деген сөздөр Интернетте тарап жатат. Атүгүл “Сапар Исаков Америкага качат экен” деген макала да чыгыптыр. Мен өз мамлекетимден эч жакка кетпейм. Мен 100 пайыз тазамын. Эч нерседен коркпойм”, деп айтты. fakt.kg

Кененирээк »

Алмазбек Атамбаев өзү кечирим сураганга даяр

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өз алдынча тил табышарына ишенээрин, аларга эч кандай ортомчунун кереги жоктугун  мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” курган маегинде айтты. “Достор арасында сөзсүз өйдө-ылдый болот. Кээде түшүнүксүз нерселер болуп кетет. Анан кайра отуруп сүйлөшүп, достугуна келет. Мен эки дос деле балким бир сөзгө келип, отуруп, сүйлөшүп маселенин баарын чечип алат деп ишенем. ...

Кененирээк »

“Абайлагыла, балдар!”, “Көңүл бургула, балдар!”

Бишкек шаарында коомдук транспорттор “Абайлагыла, балдар!”, “Көңүл бургула, балдар!” деген эскертүү плакаттары менен жүрө башташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады. Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын жол кырсыгына кабылуусун алдына алуу болуп саналат. Эскертүү жарнактары 31-майга чейин өтө турган «Коомдук транспорт» рейдинин алкагында троллейбустар менен маршруткаларга илинген. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful