Templates by BIGtheme NET

Author Archives: Эля

Төрага Москвада кыргыз жаранынын айынан жабыркагандарга материалдык жардам көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Москвада капысынан жол жээгиндеги адамдарды коюп алган Чыңгыз Анарбек уулунун жакындары менен жолугушту.   Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу Москвадагы жүргүнчү ташыган такси фирмасында иштеп келген. Күтүүсүз катталган жол кырсыгынан улам, Россияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жабыркаган. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жолугушуу учурунда окуя тууралуу маалымат алып, Чыңгыз Анарбек ...

Кененирээк »

Жол кырсыгынан аман калган наристенин туугандары изделүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун милициялары б ир жарым жаштагы баланын туугандарын издешүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИББнан билдиршти.   Маалыматка ылайык, баланын энеси Чычкан дарыясына кулап кеткен унаанын ичинде каза болгон. Куткаруучулар аялдын сөөгүн алып чыгышкан, бирок анын жанында эч кандай документи жок болгондуктан өздүгү такталбай жатат. Кырсык болгон күнү аял бир жарым жаштагы баласы менен келе жаткан. Бала эч кандай жаракат алган ...

Кененирээк »

АКШ Түркияны Россия менен аскердик жактан кызматташпоого чакырууда

Эгер Анкара орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алуу ниетинен баш тартпаса, анда АКШнын жаңы F-35 аскер учактары Түркияга берилбей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Сенаттагы угуулар маалында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уэсс Митчел билдирди. Өз сөзүндө Митчел Орусиянын аскердик өнөр-жай комплекси менен кызматташкан компанияларга санкция киргизүү каралган мыйзам долбооруна таянды. Ошол эле маалда мамкатчынын орун басары Түркия «Ислам мамлекетинин» жоочуларына ...

Кененирээк »

Өзбек аял эки баласын өзүнө аркан менен таңып каналга секирген

Анжиян облусунун Жалакудук районунун жашоочусу өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасады. Аял эки баласын өзүнө аркан менен таңып, Шахрихансай каналына боюн таштаган. Окуя 25-июнда болгон. Күбөлөлөр аялды сактап калышты, бирок 7 жаштагы кыз менен 3 жаштагы баланы куткаруу мумкүн болгон жок. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, 27 жаштагы аялга карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

Путин чет өлкөлүктөргө жашап туруу укугун берүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер жана Эмгек министрликтерине орус тилин билген жана Орусиянын аймагында жашоону каалаган чет өлкөлүктөргө, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашоо жана жашап туруу укугун берүү тартиптерин жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын тиешелүү тапшырмасы 26-июнда Кремлдин сайтына жарыяланды. «Ички иштер министрлиги Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен биргеликте орус тилин билген жана Орусиянын аймагында жашоону каалаган ...

Кененирээк »

Баткен-Исфана жолунда газ ташып бараткан унаа оодарылды

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 101-чакырымында газ ташып бараткан оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. ӨКМден кабарлашкандай, унаанын ичинде 19 тонна газ болгон. Окуя кечээ, 26-июнда болжол менен саат 16:33төр чамасында катталган. Жерине ӨКМдин куткаруучулары барып, атайын техниканын жардамы менен унааны тургузуп беришкен. fakt.kg

Кененирээк »

Жети-Өгүздө 16 жашар өспүрүм жол кырсыгынан каза болду

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда жүк ташуучу унаа 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетти. Бул тууралуу аталган облустун ИИББнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-июнда катталган. Өспүрүм жолго чуркап чыккандыктан айдоочу токтотконго үлгүрбөй калган. Айдоочу баланы ооруканага жеткиргенден кийин, 2 сааттан кийин каза болгон. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

Сооронбай Жээнбеков: “Саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт”

Коорупцияга каршы күрөшкө жамынып алып, саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламент трибунасында кайрылуу жасап жатып билдирди. Жээнбеков корруцияга каршы күрөш эч качан саясий өңүттө болбой турганын, ал мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөрүнө ишендирди. Муну менен катар коррупцияга каршы күрөшкө тартылган күч структуралары өздөрү мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш экенин, мыйзам бузган адам, ким ...

Кененирээк »

Ошто эркек кишини дубинка менен зордукташып, видеого тартышкан

Ошто ИИМдин  аймактар аралык башкармалыгынын милиция кызматкерлери дубинка менен кармалган жаранды зордукташкан. Бул тууралуу “Кылым шамы” Азиза Абдирасулова журналисттерге билдирген. Азиза Абдирасулованын айтымында, кармалган эркек кишини адам өлтүрүүгө  күнөөлөп,6 саат  мыкаачылык менен кыйнашкан. Ал бир нече жолун эч учун жоготуп, заара ушатып койгон. Ал күнөөнү өз мойнуна албай койгондуктан, милиция кызматкерлери дубинкага презерватив кийгизишип, зордукташкандарын видеого тартып алышкан. Мындай мыкаачылыкка ...

Кененирээк »

Бишкекте эки милиция кызматкери мушташа кетишкен

Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө эки милиция кызматкер мушташа кетишкен. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИББнын маалымат кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, эки милиция кызматкери урушу кетишип, мушташа кетишкен. Бирөөсү жаракат алып ооруканага кайрылган.  Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, мушташа кетишкен эки кызматкер кызматынан алышат. Материалдар прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөн. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык, эки милиция кызматкери кызматынан ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful