Templates by BIGtheme NET

Author Archives: Эля

Президент: “Жаштар- өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы”

«Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында  республика жаштарынын  конгрессинин ачылышында. Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, Президент  мамлекет башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгилеп,  бир кезде «100 менеджер» кыймылы түзүлгөн Япониянын тажрыйбасын мисалга келтирди. «Билимдүү, иштерман, жаңы көз караштардагы ...

Кененирээк »

“Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду

Тогуз-Торо районундагы “Кан-Ачуу” жаратылыш паркына алгачкы жолу тузак камера орнотулду. Аны орнотууга Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоору колдоо көрсөткөн. Уюм тарабынан жергиликтүү мергенчилерге тузак камераны жапайы жаныбарларга илимий изилдөө, мониторинг жүргүзүүдө колдонуу боюнча тренинг өтүлдү. Аталган техника жапайы жаныбарлар жана алардын Кызыл китепке кирген түрлөрү боюнча так маалымат берет. Бул илимий иликтөөнүн деңгээлин жогорулатып, Кыргызстандагы жаныбарлар тууралуу маалыматка ээ болууну ...

Кененирээк »

Маршрутка менен жүргөн депутаттардан уялган Камчыбек Жолдошбаевдин унаасы жок (Видео)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү тууралуу жыйынды маалыматтарды өзүнүн расмий сайтына жарыялай баштады. 2017-жылы уялчаак депутат Камчыбек Жолдошбаев 863 миң 615 сом киреше тапкан. Анын ...

Кененирээк »

Өкмөт башчы: “«балага сүйүнчү» тездетилген режимде бериле баштайт”

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу жана жарандардын айрым категорияларына даректүү көмөк ...

Кененирээк »

Камчы Көлбаев менен балдардан бассейн талашкан жарандын кандай байланышы бар (Видео)

 Интернет тармагына белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен УКМКнын мурдагы кызматкери Иляс Амангазиевдин сүрөтү жарыяланды. Жарыяланган сүрөт коомчулукта кызуу талкууга алынды. Кримтөбөл менен чекистин кандай байланышы бар экендиги белгисиз. Эскерте кетсек,  УКМКнын мурдагы кызматкери Иляс Амангазиев Бишкектеги үйлөрдүн короосундагы бассейнде ызы-чуу  чыгаргандыгы үчүн кызматтан алынган. Аталган кызматкер Панфилов көчөсүндө жайгашкан балдардын бассейнине түшөм деп ызы-чуу салган. Бассейн балдар үчүн болгондуктан кошуналары ...

Кененирээк »

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын өрттөп кетишти

Бишкек шаарында белгисиз бирөөлөр режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап, өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Бул иш боюнча Шамшиев 10-ноябрь күнү арыз менен кайрылган. Ал унаасы Свердлов районунда уурдалганын айткан. Өрттөлгөн унаа Чүй облусунун Милянфан айылында табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. fakt.kg

Кененирээк »

Депутат «Энергохолдинг» компаниясын жоюуну сунуштады

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Улуттук энергохолдинг” компаниясын жоюуну сунуштады. Анын пикиринде “Улуттук энергохолдинг” электр станциялары боюнча акционердик коомдорго, алардын каржылык иштерине киришип, башкарып жатат. Эскерте кетсек, “Улуттук энергохолдинг” компаниясы 2016-жылы түзүлгөн. fakt.kg

Кененирээк »

Өзбекстанда 59 наристе ууланган бала бакча жабылды

59 наристе ууланган Ташкент облусунун Бекабад районундагы бала бакча убактылуу жабылды. Өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлагандай, 9-10-ноябрь күндөрү бул бала бакчада ууланган 62 наристе райондук ооруканага жаткырылган. Мекемеден билдиришкендей, текшерүү маалында бакчадагы муздаткычтын иштебегендиги аныкталган. Мындан тышкары анда жер-жемиштерди тазалоо жана даярдоо үчүн атайын өзүнчө бир бөлмө болгон эмес. «Эпидемиологиялык чараларды көзөмөлдөө жана жергиликтүү адистерге жардам көрсөтүү үчүн ...

Кененирээк »

Ботаникалык бакта каза болгон жаран М. Шеримкуловдун небереси

Бишкектеги ботаникалык бактан белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын  Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирген болчу. Маалыматта, азиат түспөлүндөгү жарандын жансыз денесинде эч кандай уруп-сабоонун белгилери катталган эмес. Ал эми, 24kg сайты өз булактарына таянып каза болгон жаран коомдук ишмер Медеткан Шеримкуловдун 27 жаштагы небереси экенин жазып чыкты. Үйлөнгөнүнө бир жыл болгон. Каза болгон күнү туугандары менен урушуп кетип такси менен кеткенин ...

Кененирээк »

Поезд сүзүп кеткен адам боюнча иликтөө иштери башталды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында бир кишини поезд сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Окуя 10-ноябрь күнү болгон. Поезддин сигналына маркум көңүл бурган эмес. “Тез жардам” кызматы келгиче  каза болгон. Каза болгон жарандын өздүгүн тактаган учурда Беловодское айылынын 54 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful