Templates by BIGtheme NET

Author Archives: Эля

Алмазбек Атамбаев Москвадагы жыйында сөз сүйлөдү (Видео)

Бүгүн  Москва шаарында  саясий партиялардын эл аралык жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйынга экс-президент, КСДПнын лидери  Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. Алмазбек Атамбаев терроризм жана экстремизм маселерин көтөрдү. Опубликовано Темирланом Султанбековым Четверг, 25 октября 2018 г.

Кененирээк »

Баткенде кутурган карышкыр 5 кишини тиштеп алган

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда кутурган карышкыр адамдарга кол салган. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылдын 23-октябрында болгон. Кутурган карышкыр малдарын багып жүргөн 5 адамды тиштеп алган. Жабыркагандар райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Алар кутурмага каршы вакцина алышкан. Абалдары канааттандырарлык. Карышкыр өлтүрүлүп, башы Ош шаарындагы санэпидемстанцияга жөнөтүлгөн. Алар карышкыр кутургандыгын тастыктап беришкен. fakt.kg ...

Кененирээк »

Алибек Жекшенкулов: “Канттагы авиабазанын мааниси абдан чоң”

Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаарында ЖККУда Канттагы россиялык авиабазанын ролу тууралуу тегерек үстөлдүн үстүндө талкууланды. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө   Кыргызстандын ЖККУнун мүчөсү болгон  өлкөлөр менен кызматташуусу тууралуу жана актуалдуу маселелердин тегерегинде талкуу жүрдү. Тегерек үстөл Канттагы авиабазанын 15-жылдык маарекесине карата өттү. Россиянын Кант шаарындагы  ЖККУ авиабазасы Кыргызстанда расмий түрдө 2003-жылдын 23-октябрында ачылган. Россиялык авиа базанын Кыргызстан  үчүн канчалык деңгээлде мааниси зор экенин ...

Кененирээк »

Президент дагы бир аткаминерди кызматтан бошотту

Коеналиев Туруспек Кармышевич берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка  ылайык, тишелүү жарлыка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон. fakt.kg

Кененирээк »

Иттин таландысында калган кыз (Видео)

Бишкектин көчөлөрүндө, конуштарында иттердин  ири тобун кезиктирүүгө болот. Борборубуздун көчөлөрүндө, таштанды урналарында иттердин тинтип жүргөндөрүн көрөбүз. Бул жагдай коомчулукка зыян келтирээри маалым. Иттерге байланыштуу санитардык маселе гана болбостон, коопсуздук маселеси да бар. Төмөндөгү видео социалдык тармактарга тараган. Анда ит кичине кызды талап жатканын көрүүгө болот. Мындай жагдайлар билинбегени менен бизде да канча? fakt.kg

Кененирээк »

Депутат жөлөк пул алгандардын санын азайтууну сунуштады

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев жөлөк пул алгандардын санын азайтуу керек экенин айтты. “Кыргызстанда 340 миң киши жөлөк пул алат. Алардын санын кыскартып, иш  орундарын түзүп беришибиз керек. Ошондо алар мамлекеттен акча албай, салык төлөп бюджетти толукташат», -деди Бакыт Төрөбаев. fakt.kg

Кененирээк »

Президент инвесторлордун укуктарын коргоп, бирок элди нааразы кылбаш керектигин айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-октябрда КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовду кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн тоо-кен тармагын, өнөр жай жана энергетиканы мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы жер казынасын пайдаланууда, бул тармактагы лицензиялоо жана нормативдик-укуктук базаны чыңдоодо ачык-айкын, таза процедураларды өткөрүүнүн маанисин белгиледи. Ал жер казынасын пайдалануу тармагы жумушчу орундарды түзгөн, калктын ...

Кененирээк »

Улукбек Кочкоровду 105 депутат колдоду

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрин шайлап алышты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров шайланды. Жогорку Кеңештеги шайлоого катышкан 105 депутат толугу менен колдоп беришти. Эскерте кетсек, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, орун басарлары менен чет жерге өкмөт башчынын уруксааты жок жана үй-бүлөсү менен мамлкеттин эсебинен чыккандыгы үчүн кызматтан алынган. fakt.kg

Кененирээк »

Бишкек-Ош жолунда айдоочу менен жүргүнчүлөрдү тоногондор кармалды

Бишкек-Ош жолунда бараткан айдоочу менен жүргүнчүлөрдү үч киши карактады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Бишкек-Ош жолунда бара жаткан айдоочу менен жүргүнчүлөрдү үч адам тапанча менен коркутуп, 35 миң сомун тоноп кеткендер шектүүлөр “Сосновка” постунда токтотулуп кармалган. Алардын унаасын текшергенде тапанча табылган. Шектүүлөр учурда Жайыл райондук милиция бөлүмүнө камалды. fakt.kg

Кененирээк »

Момбеков: “Убагында коркок парламент деп, эми колдоо сурап жатасызбы?” (Видео)

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин шайлоо болуп жатат. Аталган министрликке экс-депутат жана президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Улукбек Кочкоров, премьер-министр тарабынан көрсөтүлүүдө. Улукбек Кочкоровго эл өкүлдөрү ар тараптуу суроолорду берип министр болууга канчалык деңгээлде даяр экендигин баамдашууда. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Уклукбек Кочкоровду “убагында бийликти абдан шыбагандардын катарында элеңиз, эми позицияңызды өзгөртүңүзбү”- деген сыяктуу суроолору ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful