Templates by BIGtheme NET

Author Archives: Эля

Өзбекстан: милиция калаа башчы эс алып жаткан кафедеги адамдарды сыртка чыгарды (Видео)

15-январда милиция кызматкерлери Ташкент облусунун Нурафшон шаарындагы кафелердин биринде туулган күн белгилеп жаткан аялдар менен балдарды чыгарып жиберишкен. Ал маалда кафеде калаа башчысы Усмон Рахмонов эс алып жаткан. Үй-бүлөлүк майрамдын катышуучулары кафе кызматкерлери менен милициянын өкүлдөрү аларды «шаар башчысына тоскоолдук кылбасын» деп чыгарып жиберишкенин билдиришүүдө. Бирок шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү кафенин кардарлары калаа башчынын буйругу менен чыгарылганын четке какты. ...

Кененирээк »

Тажикстан: тергөө абагында жаткан 70 жаштагы аял өз жанын кыюуга аракет кылды

Тажикстандын түндүгүндөгү Айни районунун 70 жаштагы тургуну Истад Курбонова жергиликтүү тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет кылды. Ал жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Курбонова кайнак сууну башынан ылдый куюп жиберген. Учурда ал райондук ооруканада дарыланууда. ​70 жаштагы Истад Курбонова ушул айдын башында жер тилкесин басып алуу жана ал ...

Кененирээк »

Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү анын Швейцарияда тоңдурулган акчаларынын бир бөлүгүн алууну көздөөдө

Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү, АКШнын жараны Мансур Максуди Өзбекстандын маркум президентинин кызына таандык Швейцария банктарында тоңдурулган акчанын бир бөлүгүн алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Максуди Швейцариянын Der Bund гезитине берген интервьюсунда билдирди. Басылманын маалыматына караганда, Мансур Максуди бир тууганы Фарид менен бирге Гүлнара Каримованын тоңдурулган 800 миллион франкынын 100 миллионун алууну көздөп жатат. Гүлнара Каримова менен Мансур Максуди 1991-жылы баш ...

Кененирээк »

Кыргызстанда 25-январга чейин аба ырайы кандай болот?

Кыргызстандын аймагында 25-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет борбору  маалымат таратты. Маалыматка  ылайык, 19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл ...

Кененирээк »

Жалал-Абадда эл арасында мыйзамсыз сакталып келген куралдар алынды

Жалал-Абадда 4 күн ичинде эл арасынан 16 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнын маалымат кызматы билдирди. Маалымат ылайык, 12-16-январь күндөрү эл арасындагы мыйзамсыз сакталып келген куралды аныктоо боюнча иш-чара жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 16 ок атуучу курал алынган. “Алынган 16 мылтыктын ичинен 4 даанасы сайлуу, 12 даанасы сайсыз ок атуучу куралдар болгон”, -дейт маалыматта. fakt.kg

Кененирээк »

Ксения Собчак “кара терилүү кул” – деп отелдин кызматкерин басынтты

Россия Федерациясынын президенттигине талапкерлигин койгон, белгилүү алып баруучу Ксения Собчактын “Кара терилүү кул” – деп айтып жаткан видеосу социалдык тармактарга тарап, көпчүлүк колдонуучулардын кыжырын келтирди. Ксения Собчак Мальдив аралында эс алып жаткан видеолорун инстаграмдагы өздүк баракчасына жүктөлгөн видеолордун биринде отелдин кызматкерин “Кара терлүү кул” деп айтканы жазылып калган. fakt.kg    

Кененирээк »

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан менен чек араны демаркациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан менен чек араны демаркациялоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөлөр ортосундагы чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылы декабрда Жээнбековдун Астанага барган сапарында кол коюлган. Кыргыз парламенти аны былтыр декабрдын башында ратификациялаган. Демаркацияланган мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1257,07 чакырымды түзөт. Эки өлкө ортосунда 683 чек ара ...

Кененирээк »

Ош базары азырынча көчүрүлбөйт

Жер табылган күндө да базарларды шаардын сыртына чыгаруу татаал маселе. Ошондуктан,  Ош базары азырынча көчүрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Жороев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, калаанын башкы планына ылайык калаанын сыртына чоң базарларды куруу каралган. «Бирок Ош базары так ушул жерге көчөт деген долбоор жок. Базар азыркы жеринде калат. Ош базарында бир ...

Кененирээк »

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы мүмкүн

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул ӨКМнин  маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы болжол менен секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. fakt.kg

Кененирээк »

Өткөн жылы Ош шаарында канча өрт кырсыгы катталган?

Былтыр Ош шаарында 253 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 48 миллион 707 миң 771 сомду түзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан 4 адам каза болуп, 9 адам ар кандай күйүк жараатын алган. Өрттөн 3 адамдын өмүрү куткарылып, 9 миллион 150 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Ошондой эле жыл ичинде куткаруу кызматы тарабынан Ош шаарынын калкына экстремалдык учурларда 235 (2017-жылы — 138) ...

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful