Templates by BIGtheme NET

Author Archives: Эля

Сооронбай Жээнбеков Шигето Танаканы кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июлда «Tokyo Rope» корпорациясынын төрагасы Шигето Танаканы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков  өз сөзүндө кыргыз тарап кыргыз-япон достук мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере турганын белгиледи. «Биз жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана автомобиль жолдорунун сактыгын камсыз кылуу боюнча долбоорлордо активдүү кызматташууга даярбыз», — деди Жээнбеков. Шигето Танака өз кезегинде корпорациянын Кыргызстанда ...

Кененирээк »

Кыргыз-Өзбек чек арасында эки аймак такталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациялар Ош облусунда жолукту. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына шилтеме берип “Марал” радиосу жазды. Маалыматка ылайык, делегация мүчөлөрү бир жумага созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Баткен жана Жалалабад облустары менен Өзбекстандын Наманган, Фергана облустары чектешкен жердеги аймактарга чыгып иштешкен. Натыйжада Гава жана Гавасай аттуу аймактардагы чек ара өтчү сызыктары ...

Кененирээк »

Президент Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президентин аппаратынын маалымат кызматы билдирди. «Өз ара урматтоонун, түшүнүшүүнүн жана узак жылдар бою ийгиликтүү кызматташуунун негизинде жетишилген кыргыз-герман мамилелердин жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилегим келет. Кыргызстан демократияны бекемдөө жолунда ишенимдүү баратат жана Германия көрсөтүп жаткан баа жеткис колдоо биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул өлкөдөгү демократиялык жана ...

Кененирээк »

Жалал-Абадда 4 жашар кызды зордуктоого өз атасы шектелүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата районунда  атасы 4 жашар кызын кошуналары тарабынан зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Бегайым Жаныбекова жазып чыкты. “Чынбы, калппы билбейм вотсапптан келди… Кун өтө ысып кеткенинен шамал кирсин деп эшикти ачып балыш тигип отурганмын. Үйдө ич ким жок эле. Кошуналарымдын эшиктери жабык (ар бир этажда торт квартира). Бир убакта кошунамын кичинекей торт жашар кызы Айбийке кынкылдаган ...

Кененирээк »

Баткенде кайынсиңдиси жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн

Баткенде кайынсиңдиси жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул маалыматты  аталган  облустун ички иштер башкармалыгытастыктады. Маалыматка ылайык,  Баткендин Кадамжай районунда каналдан 39 жаштагы аялдын сөөгү табылган.Милиция бир жарым айдан соң маркумду өлтүрүүгө шектелип анын кайын сиңдиси менен күйөө баласы кармады. Маркум келин кайынсиңдиси жана күйөө баласы менен бир үйдө жашаган. Анын башын таш менен уруп өлтүрүп, денесин сууга ыргытышкан. Маркумдун артында 5 баласы калды. ...

Кененирээк »

18 милиция кызматкери кызматтан алынды

Ички иштер министрлигинин жарым жылдык иштин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйында бир катар кызматкерлер жазасын алышты. Анын ичинен 18 кызматкер иштен алынды. Кызматтан алынгандардын тизмеси: — Тергөө кызматынын жетекчиси Үмөталиев, — СБНОНдун жетекчиси Бакиров, — ГУИТтин жетекчиси Бообеков, — Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Аккулуев, — Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Досов, — Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Садыров, ...

Кененирээк »

Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир жаран камакка алынды

Ала качунунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү боюнча дагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун ичики иштер башкы башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, камакка алынган жаран Бурулайды бычактап жатканда кармалган баланын досу болгон. Буга чейин маркум Бурулайдын атасы судмедэкспертизанын жыйынтыгына каршы экенин билдирип комиссиялык экспертиза карап чыгуусун талап кылган. Белгилей кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Бурулайды ала качып бара ...

Кененирээк »

Чүйдө мас айдоочунун айынан бир аял каза болду (Видео)

Чүй облусундагы катталган жол кырсыгынын видеосу интернет тармагына жарыяланды. Эскерте кетсек, 2018жылдын 14-июлунда айдоочу мас абалында карама-каршы жол тилкесине чыгып бир аял каза болгон. «Volkswagen» менен «Nissan Skyline» үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, бир аял каза болуп 5 киши жабыркаган. «Nissan Skyline» айдоочусу мас абалында болгондугу айтылууда. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө. fakt.kg

Кененирээк »

10 жашар кызды зордуктоого шектүүнү табууга жардам бериңиздер! (Фото)

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда  10 жашар кыз зордукталган. Кылмышка шектүүнүн фотороботу түзүлгөн. Базардагы видеокамералардан жазуулар алынган. Эскерте кетсек, 10-июлда болжол менен сат 14.00дө 10 жашар кыз базардын артындагы дааратканага кирген. Белгисиз киши кирип кызды дааратканадан зордуктап салган. Кылмышка шектүү азиат улутундагы болжол менен 35-40 жашта. Бою: 165-170. Тиштерин курт жеген. Сакал-муруту жок. Кызыл футболка, спорттук шым жана сланцы кийип жүргөн. Билгендер ...

Кененирээк »

Жалал-Абадда эки киши 18 жаштагы кызды зордукташкан

Жалал-Абадда эки киши 18 жаштагы кызды зордукташкан. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, арыз менен милицияга жабырлануучу кыздын атасы кармалган. Анын айтымында, эки белгисиз жаран кызды унаага  салып алып кетишкен. Кызды унаанын ичинен табышкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар кылган кылмышын мойнуна алышкан. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. fakt.kg

Кененирээк »

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful